1-июндан тартып Бишкекте муздак суу жана канализацияны колдонуу үчүн тарифтер көтөрүлөт

Бишкек шаардык кеңеши ичүүчү жана агынды сууга тарифти көтөрүү жөнүндө токтомдун долбоорун жактырды. Мындай чечимди шаардык кеңештин депуттары 30-майда кабыл алышты.

Документке ылайык, тарифтер 1-июндан тартып көтөрүлөт.

Тарифтер канчалык көтөрүлөт?

Суу менен камсыздоо (1 куб. метр үчүн, салыксыз):

  • Калк үчүн — 8,10 сомдон 10,45 сомго чейин;
  • Бюджеттин уюмдар үчүн — 9,10 сомдон 12,95 сомго чейин;
  • Башка керектөөчүлөр үчүн — 13 сомдон 18,5 сомго чейин.

Сууну бөлүштүрүү (канализация) — агынды сууларды кабыл алуу жана тазалоо (1 куб.метр үчүн, салыксыз):

  • Калк үчүн —2,3 сомдон 3,45 сомго чейин;
  • Бюджеттик уюмдар үчүн — 3 сомдон 4,5 сомго чейин;
  • Башка керектөөчүлөр үчүн — 6 сомдон 9 сомго чейин.

Көп батирлүү турак үйлөрдүн үй ичиндеги жалпы пайдалануудагы cуу түтүк-канализациялык тармактарын техникалык тейлөө (1 чарчы метр жалпы аянт үчүн бир жылга, салыксыз):

  • Калк үчүн — 10,2 сомдон 15,1 сомго чейин;
  • Көп батирдүү турак-үйлөрдө жайгашкан башка керектөөчүлөр үчүн — 10,2 сомдон 15,1 сомго чейин.

Муздак суу жана канализацияны колдонуу үчүн тарифтерди көтөрүү жөнүндө токтомдун долбоорун Бишкек мэриясы 2023-жылдын 1-февралында демилгелеген. Анда калаа муниципалитети азыркы тарифтер кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүк наркынан дагы төмөн болуп кеткенин айткан.

Муздак суу жана канализацияны колдонуу үчүн тарифтер акыркы жолу 2019-жылы көтөрүлгөн. Ал убакта дагы тарифтер өздүк наркынан төмөн болуп атканы, ал эми «Бишкексууканал» чыгым тартып иштеп жатканы белгиленген.