Новосибирскте жети млн рубль уурдады деп соттолгон кыргызстандык аял акталды

Орусиянын Новосибирск облустук соту буга чейин 7 млн рубль уурдоого байланышкан иш боюнча 2,5 жылга соттолгон кыргызстандык Айнагүл Борбуеваны бошотту. Бул тууралуу Кыргызстандын ТИМнин басма сөз кызматы билдирди.

Судья 31-майда Борбуеваны сот залынан бошотуу чечимин кабыл алды. Кыргызстандык аял Орусияда үй тазалоочу болуп иштеп жүргөн. 2021-жылы ноябрь айында «Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган уурулук» беренесинин негизинде кармалган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, орусиялык жаран 3-ноябрдан 4-ноябрга караган түнү мас абалында көчөгө 7 миллион рубль салынган баштыгын унутуп кеткен. Ал эми Борбуева ошол баштыкты жумушуна алып барганы айтылган.

2022-жылдын октябрында Новосибирсктин Октябрь райондук соту Борбуеваны күнөөлүү деп таап, эки жыл алты айга эркинен ажыратуу менен жалпы режимдеги колонияда жазасын өтөөнү өкүм кылган.

Борбуева эркиндике чыккандан кийин орусиялык журналисттерге маек куруп, кенемте талап кыларын айтты.

«Мен акыйкаттыкты гана каалайм: мен таап алган суммкада эч кандай акча болгон эмес. Мага биринчи кезекте үй-бүлөм — жакын туугандарым менен эң жакын досторум колдоо көрсөтүштү», — деп айтты «Комсомольская правда» басылмасына берген интервъюсунда.