Орусия ТИМи Кыргызстанда мамтил жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышына реакциясын билдирди

Орусинын ТИМи Жогорку Кеңеш мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамды кабыл алганына реакциясын билдирди. Орусия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова алар Кыргызстанда тең салмактуу тил саясаты жүргүзүлөт деп үмүттөнүшөрүн айтты.

Орусия ТИМи мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам «азыркы абалында республикадагы кыргыз тилин билбеген жарандар үчүн айрым кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн» деп эсептейт.

Мекеме кыргыз тарапка бир нече жолу кайрылып, «мыйзамды кабыл алуу титулдук эмес калктын укугуна байланыштуу абалга жагымсыз таасир этиши мүмкүн экенине» көңүл бурууга чакырышканын белгилешти.

«Өнөктөштөрүбүз мыйзам долбоору орус тилин четке кагуу максатын көздөбөй турганын айтып ишендиришти. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын жетекчилиги биздин союздук мамилелерибиздин духунда кыргыз тилин да өнүктүрүүгө, ошол эле учурда орус тилин да жайылтуу жана колдоого багытталган тең салмактуу тил саясатын жүргүзөт деген ишеничтебиз», — деп айтылат Орусия ТИМинин билдирүүсүндө.

31-майда Жогорку Кеңеш үчүнчө окууда «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзамды кабыл алган. Депутаттар аны бир нече жолу маанилүү экенин айтып, бир добуштан колдоп беришкен.

Негизги өзгөрүүлөрдүн бири кыргыз тили мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мамлекеттик ишканалар үчүн жумушчу тил болот.

Андан тышкары, негизги өзгөрүүлөрдүн дагы бири — мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар, педагогдор, соттор, прокурорлор жана башка категориядагы көптөгөн мамлекеттик органдардын кызматкерлери сөзсүз түрдө кыргыз тилин билүүгө тийиш.