БШК Дамира Ниязалиеванын талапкер катары каттоосун жокко чыгарды

Борбордук шайлоо комиссиясы 5-июнда Бишкектин Ленин райондук округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамира Ниязалиеванын каттоосун жокко чыгарып, кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди.

Боршайкомдун жыйынында Бишкек ШИИБнин башчысынын орун басары Чынарбек Майлыбаев талапкер тарабынан добуш сатып алуу фактысы далилденгенин билдирди. Анын айтымында, шаардык милиция БШКга Ниязалиеваны кылмыш жообуна тартуу тууралуу өтүнмө жөнөттү.

Буга чейин Ленин округунан алдын ала эсеп боюнча алдыга чыккан Дамира Ниязалиевага кылмыш иши козголуп, шайлоо штабы мөөр басылып жабылган.

Буга 29-майда Дамира Ниязалиеванын үгүтчүлөрдүн бири менен телефондо сүйлөшүүсү делген үн жазуу тараганы себеп болгон. Анда добуш сатып алуу тууралуу сөз болгон. 30-майга караган түнү анын штабында тинтүү жүргөн.

Ниязалиева өзүн айланасындагы окуяларды «атаандаштардын каралоосу» деп атаган.

«Аудио боюнча ал мен эмесмин, ал монтаж. Мага басым, алган добуштарымды жокко чыгаруу аракети болуп жатат. Бул аракеттер менин атаандаштарым тарабынан болуп жатат деп ойлойм», — деген ал комментарий берип жатып.

28-майда Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округунда мөөнөтүнөн мурда депутаттык шайлоо өткөн. Добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгы боюнча Дамира Ниязалиева алдыга чыккан.

Автоматтык эсептөөчү урналардын жыйынтыгына ылайык, Ниязалиева шайлоого катышкандардын 35,83% добушуна ээ болгон — ага 6 242 шайлоочу добуш берген.
Ал эми 2 070 добушка ээ болгон талапкер Улан Сариев 11,88% менен экинчи орунга илинген.

БШКнын маалыматына ылайык, добуш берүүгө округдагы шайлоочулардын 13,95% гана катышкан.