Баткен шаарындагы эки парк 44 млн сомго Дүйнөлүк банктын эсебинен оңдолот

Баткен шаарындагы Жаштык жана Жеңиш эс алуу бактары 44 млн сомго Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен оңдолот. Маалыматты 7-июнда «Клоопко» шаардын вице-мэри Акылбек Орозов тастыктады.

Орозовдун айтымында, учурда эс алуу парктарындагы курулуштар алынып, оңдоп-түзөөгө даярдалып жатат.

«Жеңил конструкциялар менен курулган объекттерге билдирүү былтыртан бери берилип келген. Эми проекттин негизинде жаңы парк курулат деп дүкөндөр алынып жатат», — деди вице-мэр.

Маалыматка ылайык, бул долбоор Бүткүл дүйнөлүк банктын Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган каржылык колдоосунун негизинде ишке ашырылып жатат.

Дүйнөлүк банк 2022-жылы облусту өнүктүрүү үчүн жалпы 50 млн доллар өлчөмүндө каражат берген. Бул каражат Баткен, Кадамжай жана Исфананын жергиликтүү муниципалдык инфраструктурасын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү, бизнес жана айыл чарбасын колдоого жумшалмакчы. Ошондой эле өзгөчө кырдаалдар учурунда жардам көрсөтүү каралат.

Ошондой эле Экономика министрлиги чакан гранттар системасы аркылуу жумуш орундарынын санын көбөйтүүнү көздөйт.

Дүйнөлүк Банк Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүү үчүн буга чейин да каражат бөлгөн. Ал каражат Ош облусуна жумшалган. Мындан тышкары, 2022-жылдын январында банк Кыргызстанда 14 мектептин курулушун каржылай турганы белгилүү болгон.

Акыркы жылдары Баткен облусу чек ара жаңжалдарынын айынан бир топ жабыркаган. Акыркы жолу облуста 2022-жылы кыргыз-тажик чек арасында 14-17-сентябрда толук масштабдуу куралдуу кагылышуу болгон.

Куралдуу жаңжалда чек арага чектеш айылдарда жашаган 130 миңден ашуун адам коопсуз жайга көчүрүлүп, инфраструктуралык мекемелер жана жүздөгөн турак жай жараксыз абалга келген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Экономика министрлиги: Дүйнөлүк банк Баткен облусун өнүктүрүүгө 50 млн доллар берет