Экономика министрлиги: Дүйнөлүк банк Баткен облусун өнүктүрүүгө 50 млн доллар берет

Экономика министрлиги Кыргызстан менен Бүткүл дүйнөлүк банктын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кабарлады. Министрликтин маалыматы боюнча, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен протоколго кол коюлат, ага ылайык Бүткүл дүйнөлүк банк Баткен облусун өнүктүрүүгө 50 млн доллар бөлүп берет.

Бул каражат Баткен, Кадамжай жана Исфананын жергиликтүү муниципалдык инфраструктурасын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү, бизнес жана айыл чарбасын колдоого жумшалмакчы. Ошондой эле өзгөчө кырдаалдар учурунда жардам көрсөтүү каралат.

Ошондой эле Экономика министрлиги чакан гранттар системасы аркылуу жумуш орундарынын санын көбөйтүүнү көздөйт.

Дүйнөлүк Банк Кыргызстандын аймактарын өнүтүрүү үчүн буга чейин да каражат бөлгөн. Ал каражат Ош облусуна жумшалган. Мындан тышкары, 2022-жылдын январында банк Кыргызстанда 14 мектептин курулушун каржылай турганы белгилүү болгон.

Баткен облусу эмне үчүн кошумча каржыга муктаж?

Көк-Таш айылындагы Шайдулла Ган атындагы орто мектеби. Бул аймакта Тажикстан менен такталбаган жерлер көп болгондуктан чыр-чатактар тез-тез болуп турат.

Акыркы жылдары Баткен облусу чек ара жаңжалдарынын айынан бир топ жабыркаган. Акыркы жолу облуста 2021-жылы жазында жаңжал чыккан, анда жай тургундардын арасынан ондогон адам набыт болгон. Жаңжалдын натыйжасында 36 кыргызстандык каза таап, 154 киши жарадар болгон.

Жаңжал инфраструктуранын бир бөлүгүн да кыйроого алып келген — мектептер, медициналык мекемелер, мамлекеттик мекемелер. Жергиликтүү тургундардын жүздөгөн үйү жана бизнеси өрттөлгөн, көбү турак-жайсыз, жумушсуз, мүлксүз, мал-жансыз калган.

Мындан кийин Кыргызстандын бийлиги талкаланган айылдарды калыбына келтирүү ишин колго алган. Чек ара жаңжалы учурунда каза болгон кыздын аты ыйгарылган «Мадина» шаарчасы курулган. Бирок, кийинчерээк тургундар жана активисттер шаарчадагы үйлөрдүн курулушундагы айрым бөлүктөрдүн сапатына нааразычылык билдиришкен. Мисалы, айрым электр мамылары кулап, жолдогу кудуктардын капкактары сынып, адамдар таза суунун жетишсиздигинен жабыркашкан.

Баткен облусуна мыйзам түрүндө өзгөчө макам берилген, ал эми президент Садыр Жапаров чет элдик ишкерлерди аймакты калыбына келтирүү үчүн салым кошууга чакырган. Мисалы, Өзбекстан облуска бир нече мектеп салып берери кабарланган.