Бишкектин түштүк бөлүгүнө түнкүсүн суу берүү убактылуу токтотулуп турат

«Бишкексууканал» ишканасы 6-июнда калаанын түштүк бөлүгүнө түнкү убакытта таза суу берүүнү токтотуп турууга мажбур болуп атышканын билдирди. Муниципалдык ишкана бул чечимин Бишкекте «суу менен камсыздоодо кыйынчылыктар жаралып жатканы» менен түшүндүрдү.

«Бул борбор калааны суу менен туруктуу камсыздоо үчүн суунун корун толтуруу зарыл болгондуктан аргасыздан кабыл алынган чара. Шаардын түштүк бөлүгүндөгү кичи райондордо жогорку кабаттардагы батирлерге, ошондой эле “Ынтымак” жана “Ала-Арча” конуштарына таза суу берүү саат 23:00дөн таңкы 06:00гө чейин токтотулат», — деп айтылат билдирүүдө.

Чектөөлөр саламаттык сактоо жана башка стратегиялык мааниге ээ объектилерге, анын ичинде Бишкектин түштүгүндөгү мамлекеттик резиденцияга жайылтылбасы белгиленет.

Бишкекте күн ысып баштагандан тартып таза суу берүүдө кыйынчылыктар жарала баштаган. Айрыкча суунун тартыштыгы калаанын түштүк бөлүгүндө байкалып жатат.

Шаар бийлиги суу жеткирүүдөгү көйгөйлөрдү аны керектөөнүн жана абоненттердин саны өскөндүгү, сууну сарамжалсыз пайдалануу, Аламүдүн жана Ала-Арча дайраларында суунун деңгээли төмөн болуп жаткандыгы менен түшүндүрүүдө.

Шаарда суу тартыш болуп жаткан шартта мэрия сууну көп чыгымдаган жеке мончо, унаа жуучу жайларды жана бассейндерди убактылуу жапкан.

Ошондой эле муниципалитет жарандарды таза сууну сарамжалдуу пайдаланууга чакырган. Алардын маалыматына ылайык, шаарда жыл сайын абоненттердин саны өсүп, учурда алардын саны 270,3 миңге жеткен. Былтыркыга салыштырмалуу өсүш 7%ды түзгөн.

Бишкектин турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча вице-мэри Жургалбек Шамыралиев 5-июнда шаарда сууга байланышкан жагдай бир айдын ичинде турукташып каларын билдирген.