Вице-мэр Шамыралиев: Бир айдын ичинде сууга байланышкан жагдай турукташат

Бишкектин турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча вице-мэри Жургалбек Шамыралиев шаарда сууга байланышкан жагдай бир айдын ичинде турукташып каларын билдирди. Бул тууралуу ал 5-июндагы брифингде айтты.

Вице-мэр Бишкекте, айрыкча шаардын түштүк бөлүгүндөгү «“Бишкексууканалдын” суу берүүчү тармактарында суунун деңгээли төмөндөгөнү» байкалып жатканын айтып берди. Анын айтымында, Арча-Бешик жана Көк-Жар конуштарында суунун тартыштыгы байкалып жатат. Учурда бул калктуу конуштарга суу график боюнча берилип жатат.

«Бул биринчи кезекте суу керектөө өскөнүнө байланыштуу, анткени жыл сайын жай мезгилинде суу тартыштыгы көйгөйү жаралат. Айрым жеке үйлөрдө таза сууну короону жана жашыл бакчаларды сугаруу үчүн пайдалана башташат. Бул сууну керектөөнүн нормадан ашып кетишине алып келет. Азыркы тапта бир адамга 500 литр суу кетип жатканын байкап атабыз, ошол эле учурда норма 170 литр. Ошондой эле калктын, абоненттердин көбөйгөнү байкалып жатат. Мунун баары суу менен камсыздоо системасына таасир этүүдө», — дейт ал.

Андан тышкары, Шамыралиевдин айтымында, аба ырайына байланыштуу көйгөйлөр жаралып, Аламүдүн жана Ала-Арча дайраларында суу азайып кетип жатат. Бирок вице-мэр акыркы 3-4 күндө суу толтуруучу бассейндерге суу келе баштаганын, күн ысып, мөнгүлөрдүн эриши тездегенин айтат.

Шамыралиев шаар бийлигинде бир нече иш-чаралар планы бар экенин, эгер алар ийгиликтүү аткарылса калаадагы сууга байланышкан жагдай «бир айдын ичинде турукташарын» айтат. Мындан сырткары, мэрия конуштарда суунун ыксыз колдонулушуна жол бербөө үчүн рейддерди жүргүзөт.

Ал сууга байланышкан жагдай турукташып калгандан кийин чектөөнүн баары алынарын белгиледи. Буга чейин мэрия сууну абдан чоң чыгымдаган жеке мончо, унаа жуучу жайларды жана бассейндерди убактылуу жапкан.

Ошондой эле вице-мэр шаар бийлиги 2-3 айдын ичинде Арча-Бешик конушундагы ар бир үйдө суу өлчөгүчтөрдү орнотуп, «ар бир үй сууну канча коротсо ошончо акча төлөй баштарын» билдирди. Шаар бийлиги мындан тышкары сууну нормадан ашыкча колдонуунун тарифтик долбоорун дагы даярдап жатат.

«Келечекте ар бир үй, ар бир батирде эсептөөчү аппарат орнотууну пландап жатабыз», — деп кошумчалады Шамыралиев.

Мындан тышкары, вице-мэрдин айтымында, бийлик Достоевский көчөсүнөн баштап (Көк-Жар) Горький көчөсүнө чейин (Арча-Бешик) шаардын 40%ын суу менен камсыздаган Орто-Алыш суу бөлүштүрүүчү жайынан жүктөмдү азайтуу үчүн жаңы суу бөлүштүрүүчү жайын курууну пландап жатат. Ошондой эле жаңы скважина куруу үчүн эки жер аянтын берүү мүмкүнчүлүгү дагы каралып жатат.

«Бул чаралар кийинки жылы жыйынтык көргөзөт. Калкыбыз суу менен камсыз кылуу бир топ турукташканын сезе баштайт», — деп кошумчалады ал.

Бишкекте суу тартыш болуп жаткан шартта мэрия жарандарды таза сууну сарамжалдуу пайдаланууга чакырды. Алардын маалыматына ылайык, шаарда жыл сайын абоненттердин саны өсүп, учурда алардын саны 270,3 миңге жеткен. Былтыркыга салыштырмалуу өсүш 7%ды түзгөн.

Муниципалитет ЖЭБ өчүрүлгөн убакытта ичүүчү сууну керектөө кыйла өсөрүн белгиледи. Мэрия суу чектелүү ресурс болгондуктан аны сарамжалдуу пайдаланууга чакырды.