Алмазбек Исманкулов апрелден бери үй камагында

Жеке клиниканын башчысы Алмазбек Исманкулов 19-апрелде эле үй камагына чыкканы белгилүү болду. Бул тууралуу «Клоопко» шаардык соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек шаардык соту Исманкуловдун ТИЗО-1деги бөгөт чарасын 9-июнга чейин үй камагында кармоо чарасына өзгөрткөн.

Исманкулов 2023-жылдын февралында коррупция иши боюнча камакка алынган. Тергөөнүн версиясы боюнча, Исманкуловдун жеке клиникасы жайгашкан №6 оорукананын корпусу ижарага берилбеши керек болчу.

Натыйжада аткаминерлердин мыйзамсыз аракетинен мамлекетке 93 млн 162 миң 576 сом зыян келтирилген. Алгач Исманкулов бул иш боюнча күбө катары суракка чакырылган, бирок сурак учурунда анын статусу өзгөртүлүп, ошол жерден кармалган.

Ушул эле иш боюнча кармалган Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин директору Талант Рыскулбек уулу дагы үй камагына чыгылган.

2023-жылдын мартында Бишкек мэриясынын кызматкерлери Исманкуловдун клиникасын шаардык оорукананын имаратынан чыгарган.

Автору: Акылай Курманова