Милиция клиниканын жетекчиси Алмазбек Исманкуловду коррупцияга шектеп кармады

Маалымат 14:15те жаңыланды.

Бишкек шаардык милициясы «Көз микрохирургия» жеке клиникасынын жетекчиси Алмазбек Исманкуловду коррупцияга шектеп кармады. Бул маалыматты 11-февралда «Клоопко» Башкы прокуратурадан тастыкташты.

Исманкуловдун адвокаты Kaktus.media басылмасына аны алгач күбө катары суракка чакырышып, бирок сурак учурунда статусу өзгөртүлгөнүн билдирген.

Жактоочу Исманкуловго айыптар «негизсиз» тагылып жатат деп эсептейт.

10-февралда Башкы прокуратура «Көз микрохирургия» клиникасынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов жана Бишкек шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш ишин козгон.

«Алар Бишкек шаарынын №6 клиникалык ооруканасынын 2-корпусу жеке жактарга ижарага берүүгө тыюу салынганына жана ооруканаларда орундардын жетишсиз экенине карабай, ижара акысын атайылап азайтуу менен мыйзамсыз ижарага беришкен», — деп белгилешкен прокуратурадан.

Аткаминерлердин мыйзамсыз аракетинен улам мамлекетке 93 млн 162 миң 576 сом зыян келтирилгени аныкталган.

Башкы прокуратура бул факты боюнча «Коррупция» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Исманкулов менен Бейшеналиевдин тиреши

Өткөн жылы 17-февралда Саламаттык сактоо министрлиги көп тармактуу оорукананын экинчи корпусунда жайгашкан Исманкуловдун «Көздүн микрохирургиясы» менчик клиникасы менен ижара келишимин бузган.

Ал эми 10-мартта ошол кездеги саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Исманкуловдун клиникасына келип, кызматкерлерден имаратты бошотуп кетүүнү талап кылган.

Кийинчерээк ошол кездеги министр Исманкуловдун клиникасынын кире беришине кум төктүрүп кеткен. Ал бул кылганы тууралуу түшүндүрмө берип жатып башкы прокуратурага маалымат бергенин айткан.

Ал эми 29-мартта Саламаттык сактоо министрлиги Исманкуловдун жеке клиникасы жайгашкан экинчи корпуста оңдоо иштерин баштаган. Бирок Исманкулов ага карабай имаратты бошоткон эмес.

18-апрелге караган түнү Бейшеленалиев Исманкуловдун клиникасына келип, адамдарды бекитип кеткен. Ал клиникада «адамдар ары-бери басып, курулушчуларды иштетпей жатканын» айткан.

Кийинчерээк Бейшеналиевге кылмыш иши козголуп, министрлик кызматтан кеткен. Бирок көп өтпөй ага козголгон кылмыш иштери токтотулуп, кийин Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын балалык» ден соолукту калыбына келтирүү борборунун директору болуп дайындалган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«ПолитКлиника»: Исманкулов аралашкан насыя чыры Кыргызстанды «кара тизмеге» киргизди