Алмазбек Исманкуловдун клиникасы шаардык оорукананын имаратынан чыгарылды

Алмазбек Исманкуловдун «Көз микрохирургия» жеке клиникасы кызматкерлери менен бирге №6 шаардык оорукананын имаратынан чыгарылды. Бул тууралуу 11-мартта Бишкек шаардык мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим муниципалдык менчик боюнча комиссиянын отурумунда кабыл алынган.

11-мартта клиникага Муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын кызматкерлери жана вице-мэр Нурдан Орунтаев келишкен. Алар ижара келишимин токтотуу чечимин клиниканын кызматкерлерине тапшырып, клиниканын бардык эмеректерин сыртка чыгара башташкан.

Буга чейин, үстүбүздөгү жылы 10-февралда клиниканын жетекчиси Алмазбек Исманкуловго жана Бишкек шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлерине «Коррупция» боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынышкан.

«Алар Бишкек шаарынын №6 клиникалык ооруканасынын 2-корпусу жеке жактарга ижарага берүүгө тыюу салынганына жана ооруканаларда орундардын жетишсиз экенине карабай, ижара акысын атайлап азайтуу менен мыйзамсыз ижарага беришкен», — деп белгилешкен Башкы прокуратурадан.

Аткаминерлердин мыйзамсыз аракетинен улам мамлекетке 93 млн 162 миң 576 сом зыян келтирилгени аныкталган.

12-февралда болгон сотто Исманкулов 9-апрелге чейин ТИЗО-1ге камакка алынган. Ал эми экинчи шектүү, Бишкек шаардык мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын башчысы Талант Рыскулбек уулу 9-апрелге чейин үй камагына чыккан.

Ал эми Исманкуловдун жактоочусу «негизсиз айып тагылып жатат» деп айткан.

Исманкулов менен Бейшеналиевдин тиреши

Өткөн жылы 17-февралда Саламаттык сактоо министрлиги көп тармактуу оорукананын экинчи корпусунда жайгашкан Исманкуловдун «Көздүн микрохирургиясы» менчик клиникасы менен ижара келишимин бузган.

Ал эми 10-мартта ошол кездеги саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Исманкуловдун клиникасына келип, кызматкерлерден имаратты бошотуп кетүүнү талап кылган.

Кийинчерээк ошол кездеги министр Исманкуловдун клиникасынын кире беришине кум төктүрүп кеткен. Ал бул кылганы тууралуу түшүндүрмө берип жатып башкы прокуратурага маалымат бергенин айткан.

Ал эми 29-мартта Саламаттык сактоо министрлиги Исманкуловдун жеке клиникасы жайгашкан экинчи корпуста оңдоо иштерин баштаган. Бирок Исманкулов ага карабай имаратты бошоткон эмес.

18-апрелге караган түнү Бейшеналиев Исманкуловдун клиникасына келип, адамдарды бекитип кеткен. Ал клиникада «адамдар ары-бери басып, курулушчуларды иштетпей жатканын» айткан.

Кийинчерээк Бейшеналиевге кылмыш иши козголуп, министрлик кызматтан кеткен. Бирок көп өтпөй ага козголгон кылмыш иштери токтотулуп, кийин Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын балалык» ден соолукту калыбына келтирүү борборунун директору болуп дайындалган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Райондук сот Алмазбек Исманкуловду 9-апрелге чейин камакка алды

Милиция клиниканын жетекчиси Алмазбек Исманкуловду коррупцияга шектеп кармады