Депутат Коргонбай уулу басып алынган көмүр карьерин сатып алганын четке какканды улантууда

«Клооп» аныктаган маалыматка ылайык, мурда рейдерлик жол менен басып алынган «Уу-Таш» көмүр карьерин сатып алган Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу бул ишке тиешесин четке кагууну улантууда. Ал аны Ош милициясынын Кайгуул кызматынын подполковниги Болот Нурматовдон сатып алган. Карьердин негиздөөчүсүнүн агасы учурда кенди Коргонбай уулунун жана анын парламенттеги кесиптеши Шайырбек Ташиевдин — УКМКнын башчысынын бир тууган иниси — кишилери мыйзамсыз иштетип жатышканын айтууда.

«Уу-Таш» карьери 2017-жылы ишкер Шабданбек Алимбаев тарабынан ачылып, көзү өтүп кеткенден кийин карьерди милиционер Болот Нурматовдун кайненеси рейдерлик жол менен басып алган. Бул окуяны кененирээк «Клооп» өз иликтөөсүндө айтып берген.

Коргонбай уулу Нурматовдон көмүр кенин сатып алганы биринчи жолу 2023-жылдын мартында айтыла баштаган. Анда блогерлер депутат өзү тарткан видеону соцтүйүндөргө чыгарышкан болчу. Видеодо Коргонбай уулу Нурматов менен карьерди казып жаткан «Ысман-Тоо» компаниясын 520 миң долларга сатып алууну макулдашып жатканы тартылган.

Анда депутат бул иште тек гана ортомчу болгонун билдирген. Бирок «Клооп» рейдерлерден сатып алынган компания депутат Коргонбай уулунун ишенимдүү адамы, 26-жаштагы ММА боюнча балбан Багыш Жармаматовго өткөнүн аныктаган. Мурда депутат өзүнүн башка дагы үч компаниясын Жармаматовдун ишенимдүү башкаруусуна өткөрүп берген. Дал ошол компаниялардын бири — «КейДжи Восток сервис» курулуш компаниясы куруп жаткан имарат түн бир оокумда коңшу жайгашкан турак үйдүн үстүнө кулап түшкөндө Багыш Жармаматов ишкананын кызыкчылыгын коргогон.

Коргонбай уулу менен Нурматовдун карьердин сатыгына байланышкан видеосу чыгып кеткенден кийин «Ысман-Тоо» бильярд оюнчусу Сейдали Маликовдун наамына өткөн. Коргонбай уулу Маликов таякеси экенин айткан.

Ушунун баарына карабастан депутат Коргонбай уулу карьерге тиешесин четке кагып, «Клоопко» Багыш Жармаматов менен Сейдали Маликов ага «эч ким эместигин» билдирүүдө.

Басып алынган «Уу-Таш» карьеринин жаңы ээси тек гана Коргонбай уулу экенин «Клоопко» бул бизнести түптөп кеткен маркум Шабданбек Алимбаевдин агасы Шайымбек Алимбаев да билдирген. Ал Коргонбай уулуну жакындан тааныйт, анткени шайлоодо үгүт иштерине жардам берген. Шайымбектин айтымында, депутат алгач «Уу-Таш» ишканасындагы анын үй-бүлөсүнүн үлүшүн 100 миң долларга сатып алууну сунуштаган. Жада калса күбөлөрдүн көзүнчө ага 2000$ карматкан, бирок андан кийин рейдер менен келишимге барууну артык көргөн.

Шаимбек Алимбаевдин жана анын өнөктөшү Токтосун Жамаловдун айтымында, «Уу-Таш» карьерин 2022-жылдан бери депутат Жусупбек Коргонбай уулу менен анын парламенттеги кесиптеши депутат Шайырбек Ташиевдин адамдары мыйзамсыз казып келет.

Ал эми Коргонбай уулу өзү «Клооптун» катына мурда айткан жообун кайталап жатат: ал келишимде болгону ортомчу болгон. «Депутат Шайырбек Ташиев менен бирге “Уу-Таш” көмүр карьерин иштетип жатат деген боюнча дагы бир жолу эске салам, Жогорку Кеңештин депутаты ишкердик менен алектене албайт» деп, «Шайырбек Ташиев болгону депутат катары гана кесиптеши» экенин белгиледи.

Депутат мыйзам парламент өкүлдөрүнө ишкердик кылууга тыюу саларын дагы эскертти.

Дагы окуңуз: Көмүрдөн «күйгөн» үй-бүлөнүн окуясы же чакан ишкердин фирмасы кандайча депутатка өтүп кетти?