Жапаров: Жакын арада сомдун банкноттору республика ичинде басып чыгарыла баштайт

Жакын арада Кыргызстан улуттук валютанын банкнотторун республика ичинде басып чыгара баштайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров сомдун киргизилгендигинин 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.

Анын айтымында, бул багытта «тиешелүү иштер жүргүзүлүп, керектүү техника» алынган.

«Биз аны сөзсүз ишке киргизебиз», — деп кошумчалады ал.

Ошондой эле президент улуттук валютаны жүргүртүүгө киргизүү Кыргызстан үчүн «эң экономикалык реформаларга мүмкүнчүлүк» ачканын белгиледи. Ал «Министрлер кабинети менен Улуттук банктын биргелешип жүргүзгөн саясатынын натыйжасында макроэкономикалык стабилдүүлүк жана бюджеттик туруктуулук камсыздалып жатканын» билдирди.

Кыргызстан — мурдагы СССР өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп өз улуттук валютасын жүгүртүүгө киризген өлкө.

2023-жылы кыргыз сому 30 жылдык мааракесин белгилеп жатат. 1993-жылдын 10-майында Кыргызстандын Улуттук банкы өлкөнүн биринчи улуттук валютасын жүгүртүүгө киргизген.

Учурда сом Францияда жана Мальтада басып чыгарылат.