«Дордой» базарындагы «Кыргызстан» банкынын имаратында чыккан өрт өчүрүлдү

Мааламат 15:30да жаңыланды.

Бишкек шаарынын Свердлов районундагы «Дордой» базарында жайгашкан «Кыргызстан» банкынын имаратында чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу 10-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өрт өчүрүү 10:00 чамасында башталып, Свердлов райондук эки өрт өчүрүүчү бөлүмү тартылды. Тилсиз жоонун кесепетинен жабыркагандар жок.

ӨКМден азыркы тапта өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатканын кошумчалашты.