Сот бозгун президент Курманбек Бакиев баштаган жети кишиге «Кумтөр иши» боюнча өкүм чыгарды. 11-июнда Биринчи май райондук сотунан «Клоопко» өкүм үстүбүздөгү жылдын 1-мартында чыкканын тастыкташты.
Ага ылайык, Бакиев «Коррупция» беренесинин «Уюшкан топтун, кылмыштуу коомдоштуктун кызыкчылыгында жасалган же оор залал алып келген жосун» бөлүмү боюнча күнөөлүү деп табылып, 10 жылга сыртынан соттолду.
«“Өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жаза дайындоо” беренесине ылайык, Бакиев 2016-жылы жогорку сот тарабын соттолгонуна байланыштуу, жазаны жарым-жартылай кошуу менен жалпы 30 жылга мүлкүн конфискациялоо жана үч жыл мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салуу менен эркиндигинен ажыратылды», — деп белгилешти райондук соттон.
*Сот 2014-жылы Бакиевди апрель ыңкылабы боюнча өмүр бою эркинен ажыратып, 2016-жылы жаза мөөнөтүн 30 жылга дейре кыскарткан. Кийин анын 25 жылын Бакиев күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өткөрүшү керек деп белгиленген. «Кумтөр иши» бөюнча чыгарылган соттун өкүмүнөн кийин Бакиевге кайра эле 30 жыл жаза мөөнөтү ыйгарылды.
Биринчи май райондук соту ушундай эле берене менен дагы алты кишиге өкүм чыгарды. Бозгун президенттин уулу Максим Бакиев да 13 жылга кесилип, буга чейинки соттун чечимдерин эске алуу менен өмүр бою эркинен ажыратылды.
Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеев 12 жылга соттолуп, мурдагы сот өкүмдөрүн кошкондо 30 жылга кесилди. Ал эми Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин мурдагы жетекчиси Капар Курманалиев 10 жылга эркинен ажыратылып, мурдагы сот өкүмдөрүн эске алганда 13 жылга соттолду. Жогорудагы Бакиев баштаган үч адамга «Өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жаза дайындоо» беренеси колдонулду.
«Кумтөр иши» боюнча финансы министринин мурдагы орун басары Эмирлан Төрөмырзаев 12 жылга, мурдагы тышкы соода жана өнөр-жай министри Садриддин Жээнбеков 10 жылга, өкмөттүн мурдагы юристи Елена Белковская 9 жылга кесилди.
«Клооп» аталган иш боюнча айыпталып жаткандардын аты райондук сот жиберген маалыматтык билдирүүдөгү инициалдар менен дал келерин аныктады. Буга чейин «ПолитКлиника» басылмасы да жаза аталган кишилерге колдонулганын жазган.
Басылманын маалыматына ылайык, өкүмдө 2009-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин калкалоосу менен Кумтөр кени боюнча кыргыз өкмөтү, «Кыргызалтын» ишканасы, «Центерра Голд», «Кумтор Голд Компани» жана «Кумтор Оперейтинг Компанинин» ортосунда түзүлгөн келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келген эмес» деп айтылат.
Курманбек Бакиев — Кыргызстандын тактан кулатылган экинчи президенти. 2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин үй-бүлөсү менен Беларуска качып барган, учурда ошол жакта жашайт.
Ар убакта өлкө президенттери Бакиевди жазага тартыш үчүн өлкөгө экстрадиция кылып алып келүүгө аракет кылышкан, бирок андан майнап чыккан эмес.
Президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 18-февралда Дубайда Кыргызстандын мурдагы жана бозгун президенттерин чогуткан. Анда ал кыргызстандыктарга да кайрылып, «кечире билүү жана кечиримдүү болуу улуу салт экенин» айтып, «өткөн-кеткен, кектерди, нааразы кептерди, таарыныч-кусаматтардын баарын сууга салып, Кыргызстандын түбөлүк кызыкчылыгын ойлонууга» чакырган.
Ушундан соң Бакиевди Кыргызстанга алып келүү үчүн аракеттер көрүлүп башталды деген божомолдор айтылган. Бирок Жапаров өзү бул божомолдорду төгүндөп, Бакиев боюнча Бакиев боюнча соттун чечими бар экенин, эгер келе турган болсо жоопкерчиликке тартыларын билдирген.