Жапаров: Эгер Бакиевди алып келе турган болсок, анда Дубайда эмес, Бишкекте эле чогултмакпыз

Президент Садыр Жапаров мурдагы мамлекет башчылары менен Дубайдагы жолугушуусу тактан кулатылган Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келүү максатын көздөбөгөнүн билдирди. Бул тууралуу ал «Кабар» агенттигине курган кезектеги маегинде айтты.

«Көпчүлүк бул жолугушуу ушул [Бакиевди кайтаруу] максатты көздөгөнүн жазышууда. Эгер Бакиевди алып келе турган болсок, анда Дубайда эмес, Бишкекте эле чогултмакпыз да. Бакиевден башкасынын баары Бишкекке келе алат. Бакиевге соттун чечими бар. Ал келсе камакта олтурушу керек. Соттун чечимдерине баш ийишибиз керек», — деп белгиледи ал.

Жапаров ар бир адам Кудай алдында, тарых алдында, мыйзам алдында өзүнүн күнөөсү үчүн жооп берет деп кошумчалады.

Курманбек Бакиев 13 жылдан бери Беларуста жашайт — ал 2010-жылы кыргызстандагы бийлигинен кол жуугандан кийин үй-бүлөсү менен Минск шаарына качкан. 2010-жылдын 7-апрелинде нааразычылыкка чыккандарга карата курал колдонулуп, натыйжада Ак үй алдындагы аянтта 80ден ашуун адам курман болгон.

Кыргызстанда Бакиев сыртынан 30 жылга эркинен ажыратылган, анын 25 жылын ал күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өткөрүшү керек.

Президент Садыр Жапаров 18-февралда Дубайда Кыргызстандын мурдагы жана бозгун президенттерин чогуткан. Жолугушууга бозгун президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев, экс-президенттер Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбеков, ошондой эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаев катышкан. Мындан тышкары, Атамбаевдин айтымында, жолугушууда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев дагы болгон.

Жапаров өзү саясатчыларды Кыргызстандын «ынтымагын бекемдөө үчүн» чогултканын айткан. Анын айтымында биринин артынан бири келген мурдагы өлкө башчылары ачуу кептерди айтып, көкүрөгүндө жүргөн таарынычтарын төгүшүп, эң башкысы — бири-бирин кечиришкен.

Президент кыргызстандыктарга да кайрылып, «кечире билүү жана кечиримдүү болуу улуу салт экенин» айтып, «өткөн-кеткен, кектерди, нааразы кептерди, таарыныч-кусаматтардын баарын сууга салып, Кыргызстандын түбөлүк кызыкчылыгын ойлонууга» чакырган.

Жолугушууда Бакиевди алып келүү тууралуу маселе көтөрүлгөнү тууралуу божомолдор Алмазбек Атамбаевдин комментарийинен кийин айтыла баштады. Атамбаев жолугушуудан кийин берген комментарийинде «өлкөдө тынчтык жана биримдикти орнотуу жана Бакиевдердин Кыргызстанга кайтып келиши» — эки башка нерсе, аларды айкалыштыруу «такыр башкача жыйынтык берет» деп белгилеген.

Жапаров менен жолугушууда бул тема көтөрүлбөгөнүн тунгуч президент Аскар Акаев да, Садыр Жапаровдун администрациясы дагы айткан.

Тема боюнча: Садыр Жапаров Бакиев баштаган мурдагы президенттер менен жолукту

Акаев: Садыр Жапаров «президенттерди Кыргызстанга алып келем» деген маселе көтөргөн жок

Өлкө башчысынын басма сөз кызматы. Жапаров мурдагы президенттер менен өз каражатына жолукту