Кара-Суу: Арыктан сөөгү табылган аялдын өлүмүнө шектелип 30 жаштагы тургун кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда 66 жаштагы аялдын өлүмүнө шектелип 30 жаштагы эркек киши кармалды. Бул тууралуу 12-июнда Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-июнда саат 08:00 чамасында, Кара-Суу райондук милициясына талаа аркылуу агып өткөн арыктын четинде жашы 50-55 чамасындагы аялдын сөөгү табылганы тууралуу билдирүү түшкөн.

Ыкчам топ жерине барып, маркум Кара-Суу районунун 66 жаштагы тургуну экени аныкталган. Сырттан кароо жүргүзүлгөндө денесинде жаракаттар бар экени байкалган. Анын эмнеден улам каза болгону жана жаракаттарынын оордугун аныктоо үчүн экспертиза дайындалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө маркумду Кадамжай районунун 30 жаштагы тургуну Subaru Forester унаасы менен коюп, качып кеткени аныкталган.

Ал ошол эле күнү кармалып, унаасы айып короого киргизилди. Иликтөө иштери уланып жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ала-Бука: Унаа коюп кеткен аял жана анын эки баласы ооруканага жаткырылды