Ош: Бажы кызматкерлери жана ишкерлер аткезчилик жол менен системалуу түрдө товар ташыганы аныкталды

Ош облусунда Кытайдан аткезчилик жол менен товарлардын реалдуу көлөмүн азайтып көрсөтүп жүргөн бажы кызматынын эки инспектору жана ишкерлер кармалды. Бул тууралуу 13-июнда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылы апрель айынан тарта «К.Г» , «Г.Д»,  «А.Т.»  жана «К.Т.» ЖЧКларынын өкүлдөрү Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери менен алдын ала макулдашып, алып келинген жүктөрдүн салмагын тараза күбөлүктөрү аркылуу өзгөртүп турушкан. Эсептөөлөр бажы төлөмдөрүн төлөө шарты менен жүргүзүлгөн.

Сүрөт: УКМК

Өз кезегинде бажы кызматкерлери жарыяланган документтер менен иш жүзүндөгү маалыматтардын ортосунда ачык-айкын айырмачылыктар бар экенине карабастан жүздөн ашык жасалма документтердин негизинде товарларды бажылык тариздөө иштерин жүргүзүшкөн.

Аталган бажы кызматкерлеринин жана ишкерлердин мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында 200 тоннадан ашык товар бажы төлөмдөрүн төлөөдө эсепке алынбай, мамлекеттик казынага өзгөчө ири өлчөмдө зыян алып келген.

Бул факт боюнча «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, «Ош» Бажы процедуралары борборунун эки инспектору жана компаниялардын эки өкүлү кармалып, №25 тергөө абагына киргизилди.

Учурда териштирүү иштери уланып жатат.

Редактору: Бакай Алмаз

ТЕМА БОЮНЧА:

Аксы: РИИБдин жана Чек ара кызматынын жооптуу кызматкерлери аткезчиликти колдоого шектелүүдө