Аксы: РИИБдин жана Чек ара кызматынын жооптуу кызматкерлери аткезчиликти колдоого шектелүүдө

Чек ара кызматынын жана Аксы РИИБдин жооптуу кызматкерлери аткезчиликке колдоо көрсөтүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу 29-майда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун аймагында мал уурулук фактылары көп катталып, Өзбекстанга өткөрүү аракеттери көбөйүп кеткенине байланыштуу коопсуздук комитети Чек ара кызматы жана Аксы райондук милициянын жооптуу кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзгөн.

Анын жыйынтыгында, Аксы РИИБдин жана чек ара заставаларынын жетекчилеринин аткезчиликке катыштыгы бар экени тууралуу тактоочу маалыматтар алынган.

Ага ылайык, милиция кызматкерлеринин жана айрым жарандардын даректеринде ыкчам тинтүү иштери жүргүзүлүп, ири суммадагы акча каражаты, контрабандалык товарларды өткөрүп берүү жөнүндө жазуулар, ошондой эле жөнөтүүгө даярдалган эл керектөөчү товарлар жана бодо мал табылган.

Андан сырткары мүмкүн болгон аткезчилик жолдорду текшерүүдө, чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракеттенген унаа кармалды. Анда жалпы суммасы 1 млн 200 миң сомдук 31 коробка тамеки буюмдары колго түшүрүлдү.

Иликтөөнүн жыйынтыгы менен, Аксы РИИБнин үч кызматкерине — анын ичинде башчынын орун басарына жана Чек ара кызматынын заставаларынын үч командирине аткезчиликти уюштуруу жана колдоого алуу боюнча айып тагылды.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткен: Аткезчилик жол менен спирт ичимдиктерин алып өтүүгө аракет кылгандар колго түштү

Кадамжай: ЖККБнын үч инспектору аткезчилик ишине байланыштуу кармалды