Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Ысык-Көлдү булгабай таза кармоого чакырды

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды экологияга аяр мамиле жасоого жана таштандыларын жыйнап кетип турууга чакырды. Өлкө башчысы бул боюнча кыргызстандыктарга кайрылуусун Түркиядагы жер титирөөдө издөө-куткаруу иштерине катышып келген ӨКМдин куткаруучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде айтты.

Анын айтымында, суучулдар 4 айда Ысык-Көлдүн түбүнөн 96 миң метрге жакын тор, 6 тоннага жакын таштанды чыгарышкан.

«Экология темасын улай көлдүк туугандарыма кайрылып кетейин. Бул эмне деген акмакчылык?! Көлдүн түбүнүн баары тор болуп кеткен. Келиңиздер, адам баласыбыз го акыры, балыктарга дагы 3 жыл, 5 жыл тынч жашоо бербейлиби. Мораторий кирген, балык жебей койсоңор эч нерсе болбойт», — деди ал.

Президенттин айтымында, таштанды Ысык-Көлдө эле эмес, өлкөнүн башка аймактарындагы эс алуучу жерлерде дагы бар.

«Ошол жаратылышка отургандан кийин, эс алгандан кийин жыйнап тегерегиңдегини, бир баштыкка салып, таштанды таштаган жашикке салып коюш оорбу? Оор эмес да. Бул бир эле көлдүктөргө тиешелүү эмес, бүтүндөй кыргызстандыктарга тиешелүү. Биздин чакан-чакан көлдөрүбүз көп республика боюнча. Жаратылышыбыз Кудай берген жаратылыш. Анан айтабыз, туризм менен өнүгөбүз деп. А бирок өзүбүз туризмдин “Т” тамгасынын дагы эрежесин сактабайбыз. Келгиле бири-бирибизди тарбиялайлы. Улуу-кичүүнү, ошол таштандысын таштап кетип баратса башкабыз айталы: “алып кет мына муну” деп. Эч ким тегеректе жок болсо, көзүң менен көрсөң, көтөрө кетсең колуңа бир нерсе жугуп калбайт», — деп кайрылды Жапаров.

Президент быйыл Кыргызстанга 10 млн туристтин келери күтүлүп жатканын кошумчалады.

Жапаров ушуну менен Ысык-Көлдү булгабай таза кормоого жана ага кайдыгерлик кылбоого чакырып, бир нече ирет кайрылды.

ӨКМдин суучулдары Ысык-Көлдү президенттин тапшырмасы менен 12-марттан тартып таштандыдан тазалап жатышат.

Кыргызстанда таштанды маселеси курч турат. Ар башка маалыматтарга ылайык, Бишкекте күн сайын 870тен 1000 тоннага чейин таштанды чогултулат.