УКМК: «Коррупцияга каршы элдик кыймылдын» башчысы кайрадан пара опузалоого шектелип кармалды

«Коррупцияга каршы элдик кыймылдын» төрагасы жана Чүй облусу боюнча координатору пара опузалоого шектелип кармалды. Бул тууралуу 13-июнда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-июнда кармалган шектүүлөр атайын органдар менен текшерүү жүргүзөбүз деп коркутуп, системалуу түрдө акча опузалоо менен алектенишкен. 

Алар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тендерин уткан курулуш компаниясынан 700 миң сом өлчөмдөгү акча талап кылып, анын 70 миң сомун банктык которуу аркылуу алышканы белгилүү болду.

Кармалган жарандарга «Уюшкан топ тарабынан опузалап талап кылуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланып жатат.

Буга чейин, 3-февралда, аталган коомдук бирикменин башчысы ушул эле берене менен — 20 миң сом алып жаткан жеринен пара опузалоого шектелип кармалган болчу. Сот аны ошондо эле үй камагына бошотуп, 12-апрелде 20 миң сом айып салган.

Аталган жагдай Чүй облусунун Кемин районунун тургундарынын нааразычылыгын жаратып, алар «Коррупцияга каршы элдик кыймылдын» төрагасын күчөтүлгөн тартипте жоопкерчиликке тартууну президенттен, башкы прокурордон жана УКМК башчысынан суранышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: «Коррупцияга каршы элдик кыймылдын» башчысы пара опузалоого шектелип кармалды