Кыргызстанда инсулин чыгаруучу завод куруу пландалууда

Министрлер кабинети Голландиянын Biopharmax компаниясы менен «Өмүр жөнүндө илимдеринин индустриалдык паркы» долбоору боюнча меморандумга кол койду.

Долбоорго ылайык, компания Кыргызстанда инсулин жана башка дары-дармектерди чыгаруучу завод курат. Заводдо чыгаруу пландалып жаткан дары-дармектердин көбү өмүргө маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмесине кирет. Анын үстүнө бул дары-дармектердин бири да бүгүнкү күндө республиканын аймагында өндүрүлбөйт.

Экономика министрлигинин басма сөз кызматынан белгилешкендей, заманбап фармацевтикалык комплекстин курулушу «фармацевтика тармагындагы технологиялардын тез өнүгүшүн эске алганда» жаңы инвесторлорду тартуу үчүн мультипликативдик эффект берет.

«2024-жылдан 2028-жылга чейин инвестор өзүнүн жана тартылган инвестицияларынын эсебинен фармацевтикалык комплексти, анын ичинде инсулин жана башка дары-дармектерди чыгаруучу заводду, сапаттуу өндүрүш эрежелеринин талаптарына жооп берген завод курууга милдеттенет. Евразия экономикалык бирлигинин практикасын, Кыргызстандын аймагында лабораторияларды, окуу борборун жана сактоочу жайларды, ошондой эле өлкө мыйзамдарына ылайык дары-дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды жеткирүү (сатылбайт) боюнча иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу КР инсулин жана башка дары-дармектерди чыгаруучу фармацевтикалык заводдун курулушу аяктаганга жана ишке киргизилгенге чейин», — деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.


Меморандумга кол коюу. Сүрөт: Экономика министрлигинин басма сөз кызматы.

Экономика министрлигинен азыркы учурда мамлекеттик саясат өлкөнүн дары-дармекке болгон импорттук көз карандылыгын кыскартууга багытталган ушул сыяктуу инвестициялык долбоорлорду илгерилетүүгө багытталганын кошумчалашты.

Кыргызстан дары-дармектин көпчүлүк бөлүгүн чет өлкөлөрдөн ташып келет. Буга байланыштуу кээде өлкөдө дары-дармектин тартыштыгы жаралып калат.

Мисалы, Кыргызстанга инсулиндин көпчүлүк бөлүгү Орусиядан алып келинчү. Бирок, аны өндүргөн компания Орусия 2022-жылдын февралында Украинага кол салгандан улам орус рыногунан чыгып кеткендиктен Кыргызстанга инсулин алып келүүдө кыйынчылыктар жаралган.

Майда кант диабети бар балдардын ата-энелери инсулиндин жетишсиздигинен улам президентке кайрылышкан.