Бекешев: Жаштарга Батыш эмес, айрым депутаттар тескери таасир берип жатат

17-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев айрым кесиптештеринин өткөн жумадагы чуулгандуу билдирүүлөрү боюнча пикирин айтты.

Ал жаштарга Батыш өлкөлөрү эмес, айрым депуттатар «тескери таасир берип жатат» деп эсептейт. 

«Кимдир бирөөнү эл алдында басынтуу, зороастризм майрамын мусулмандардыкы деп айтуу, жарандарга муну көр, муну көрбө деп буйрук берүү, тыюу салган мыйзам долбоорлорун демилгелөө — мунун баары карапайым калкты эмитеден эле түйшөлтүп жатат», — деди ал. 

Эл өкүлү Жогорку Кеңеште мамлекет үчүн маанилүү маселелер талкууланышы керектигин белгилеп, тургундарды добуш берген өкүлүнөн курч маселелерди көтөрүп чыгышын талап кылууга чакырды.

«Биз бирөөнүн чачын, кийим-кечесин, маргенштернди, айрымдары өзүнүн сабатсыздыгын талкуулап, депутаттардын мындай талкуусун кубаттап, колдоп жатканыбызга кубанып отурабыз. Сиз добуш берген өкүлдөн курч маселелерди көтөрүп чыгышын талап кылыңыз. Болбосо биз (парламент) имамдардын ордун басып, өзүбүз сактабаган, сактагыбыз да келбеген тыюуларды киргизе беребиз», — деп белгиледи ал.

Жогорку Кеңештин 16-июндагы комитет жыйынында бир нече депутат ырчылардын «жаштарга терс таасирин тийгизип жатканы тууралуу» айтып чыккан. Алишер Козуев орусиялык артист Моргенштердин Бишкекте ырдашына каршы болгон. Эртеси күнү министрликтин талабы менен ырчы Бишкектеги Alga Fest фестивалына катышпай турганы кабарланган.

Ал эми Кундузбек Сулайманов Нооруз майрамындагы концертте чачын өстүрүп, байлап алган ырчы Кайрат Примбердиевди сындап чыккан. Ал мындай көрүнүш «ата-бабаларыбызда болгон эмес» деп, Маданият министрлигин концерттерди көзөмөлдөөгө чакырган. 

Ырчы болсо Жогорку Кеңеш «жарандардын, ырчылардын чачын, кийимин маселе кылып көтөрө турчу жер эмес» деп белгилеп, өлкөдө башка маанилүү көйгөйлөр бар экенин айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Парламент ырчынын чачын талкуулай турчу жер эмес — Примбердиев депутаттын сынына жооп берди