Парламент ырчынын чачын талкуулай турчу жер эмес — Примбердиев депутаттын сынына жооп берди

Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын 16-июндагы жыйынында Нооруз майрамындагы концертте чачын өстүрүп, байлап алган ырчы Кайрат Примбердиевди сындап чыкты

Ал мындай көрүнүш «ата-бабаларыбызда болгон эмес» деп, Маданият министрлигин концерттерди көзөмөлдөөгө чакырды.

«Кыргызда аялдын аялдай, эркектин эркектей орду болгон. Колорит деген болгон. Бизди дүйнө жүзү көрүп, баа берип жатат. Нооруз деген мусулмандардын майрамы. Концер берүү тармагын ким тейлейт өзү? Ошолоду бир карап койсоңор боло, уят да ушул. Жаштарыбызды бузуп жаткан интернетти тыя албай жатсак, бул жакта коомчулукка чыгып жатат», — деди ал.

Ал эми ырчы Кайрат Примбердиев «Арча Медага» маек куруп, Жогорку Кеңеш «жарандардын, ырчылардын чачын, кийимин маселе кылып көтөрө турчу жер эмес» деп билдирди.

Ошондой эле Примбердиев андан бери үч ай өтүп кеткенин билгилеп, Сулайманов Ноорузду «мусулмандардын майрамы» жана «чач өстүрүү ата-бабаларыбызда болгон эмес» деп жаңылып жатканын билдирди. Ал депутатты «бир нерсе айтуудан мурда, тарыхты изилдеп чыгууга» чакырды.

«Сууга эн бай мамлекет, Кыргызстан жайында суусу жок отурат. Кышында көк түтүн ыш басып, эл дем алал албай, өпкө ооруларына, аллергияга чалдыгууда. Бизде заманбап меджабдыктар жок болгондуктан, айрымдар Түркия, Индияга барып, кымбат операцияларды жасатууга аргасыз. Бишкектеги мектеп, бала бакчаларда орун жок. Жогорку Кеңешту ушундай маселелерди көтөрсө жарашмак. Мен кааласам такырбаш болуп кырып алам. Чачым бирөөнүн башын оорутпашы керек», — деди ал.

Жогорку Кеңеште ырчылардын «жаштарга терс таасирин тийгизип жатканы тууралуу» бир нече ирет көтөрүлгөн. Парламенттин комитет жыйынында Алишер Козуев орусиялык ырчы Моргенштер «жаштарды бузуп» жатканын айтып, Маданият министрлигинен Бишкекте өтө турчу концертти токтотууну талап кылган. Кийин министрликтин талабы менен ырчы Бишкектеги Alga Fest фестивалына катышпай турганы кабарланды.