БШК шайлоону жокко чыгарууга алып келген аракеттерге материалдык жоопкерчилик киргизүүнү көздөйт

Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууга алып келген аракеттер үчүн материалдык жоопкерчилик киргизүү үчүн мыйзамга түзөтүү киргизүүгө ниеттенип жатат. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта Боршайкомдун мүчөлөрү 16-июндагы жыйында Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси Искендер Гайыпкуловдун «шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга негиз болгон аракеттер үчүн материалдык жоопкерчиликке тартуу каралган мыйзамдык сунуштарды иштеп чыгуу жөнүндөгү» сунушун жактырышканы айтылат.

«Мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча тиешелүү долбоорлор Жогорку Кеңешке андан ары сунуштоо үчүн шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун талкуусуна коюлат», — деп билдиришти БШКдан.

16-июнда Боршайком Бишкектин Ленин районундагы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан. Буга БШК мүчөлөрү тарабынан жыйынтык боюнча шайлоочулардын 36,02% добушуна ээ болуп алдыга озуп чыккан талапкер Дамира Ниязалиеванын добуш сатып алганы аныкталганы себеп болгон.

Жыйынтыгында Боршайкомдун мүчөлөрү Ниязалиеваны талапкер катары каттоосун жокко чыгарып, алган добуштарын жараксыз деп тапкан. Ошондой эле талапкерли кылмыш жообуна тартууга уруксат беришкен болчу.

Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майда өткөн. Шайлоого келгендердин саны өтө эле аз болгон — 124 миңден ашуун шайлоочунун болгону 17 423кө жакыны катышкан. Шайлоо өткөрүүгө 15,4 млн сом жумшалган.

Кайра шайлоо өткөрүүгө аталган округдан депутат болуп шайланган Жаныбек Абиров 27-мартта өз ыктыяры менен мандатып тапшырганы себеп болгон. БШК ошол эле күнү Абировдун арызын кабыл алган.