Фракция лидери Бактыбек Сыдыков ЛГБТ жөнүндө айткысы келбейт, бирок эмнегедир айтып жатат

«Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын лидери Бактыбек Сыдыков Kaktus.media’га курган маегинде Кыргызстандагы ЛГБТ-коомчулугуна карата мамилеси тууралуу айтып берди.

Сыдыков «салтуу эмес мамилелерди» туура көрбөстүгүн жана бул жөнүндө сөз болгондо «кускусу келип кетерин» айтты. Анткен менен ал журналисттин узаткан суроолоруна жооп берүүнү улантты.

«Бир учурда VI чакырылыштын [депутаты] Тазабек Икрамов “гомосексуализм” деген сөздү айта албай койду эле. Мен дагы ал сөздү тилим келсе да айткым келбейт. ЛГБТ-[коомчулугу] мен үчүн да жат нерсе. Керек болсо бул теманы козгогум да келбейт. Чынын айтсам, мен бул теманы эч ким менен талкуулаганга даяр эмесмин, талкуулабайм. Мен биздин салттуу, Кудай берген мамиле тараптыктыкмын. Эркек-аял, аял-эркек дегенге. Мындан өтөрү жок», — деди ал.

Депутат эркек менен эркектин же аял менен аялдын союзун элестете албасын дагы кошумчалады.

«Андан көрө ошондой салттарды, ошондой адамдарды сыйлаган жерде жашай беришсин, ошол жерден кубаттап-колдой беришсин, бирок бул жерде, менин өлкөмдө эмес. Мен балдарым нормалдуу коомдо чоңоюп-өсүшүн, балдарыбыз салтуу мамилени карманып, туура жолдогу мусулман болушун каалайт элем», — деп билдирди Сыдыков.

Бактыбек Сыдыков Жогорку Кеңеште Кыргызстандагы ЛГБТ-коомчулугуна каршы чыккан жалгыз депутат эмес. Буга чейин депутат Жамиля Исаева «балдарга зыя келтирүүчү маалымат таратуу үчүн» айып пул салуу сунушталган мыйзам долбоорун демилгелеген.

Исаева бул туюнтмага үй-бүлөлүк баалуулуктарды жокко чыгарган, «салттан тышкаркы сексуалдык мамилени» пропагандалаган жана ата-энеге же башка үй-бүлө мүчөлөрүн сыйлабастыкты калыптандырган маалыматтарды киргизүүнү сунуштаган.

Мындан тышкары, буга чейин минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү боюнча өлкөнүн Координациялык комитетин таркатып салган. Бул чечимди ал депутат Жылдыз Садырбаеванын сынынан кийин кабыл алган.

Садырбаеваны Глобалдык фонддон грант алуу арызы, тагыраагы анда ЛГБТ-коомчулугунун өкүлдөрүнө ВИЧ жана СПИДге каршы күрөштө колдоо көрсөтүү камтылганы нааразы кылган.