Өлкөдө электросамокаттар үчүн жол эрежелери киргизилиши мүмкүн

Депутат Марлен Маматалиев өлкөдө электросамокаттардын жолдо жүрүүсүн жөнгө салган мыйзам долбоору даярдалып жатканын билдирди. Анын айтымында, эл өкүлдөрү ушундай эле мыйзам долбоорунун үстүндө иштеп жаткан ИИМ менен биргеликте иштемей болду. Бул тууралуу ал 19-июндагы брифингде билдирди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Байгазы Айткул уулу ИИМ электросамокаттарга веложолдордо жүрүүгө уруксат берүүнү сунуштап жатканын айтты. Эгер веложол жок болсо, самокаттар жолдун оң тарабында же тротуарларда жүрүшү керек болот.

Айткул уулу электросамокаттар жөө жүргүнчүлөргө тоскоолдук жаратпай, аларга жол бошотуп бериши керектигин дагы белгиледи.
Андан тышкары, электрондук самокатты соо абалда гана башкаруу керек болот. Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкелерден (зебра) самокаттан түшүп, сүйрөп өтүү керек.

Аларды көпүрөлөрдө, тоннелдерде, темир жолдордо, жөө жүргүнчүлөрдүн өтмөктөрүндө, коомдук транспорттун аялдамаларына жана башка жайларга 15 метрден жакын аралыктарда калтырып кетүүгө тыюу салуу сунушталууда.

Маматалиев мыйзам долбоорунун айрым урунтту жерлерине дагы токтолду:

  • самокаттын жүрүү ылдамдыгын чектөө пландалган жок;
  • самокатты башкаруу үчүн айдоочулук күбөлүк талап кылынбайт;
  • самокаттар каттоого алынбайт;
  • башка коргоочу каскаларды кийүү милдеттендирилбейт, бирок самокаттар жарык жана жарык берүүчү элементтер менен жабдылышы керек;
  • самокатта жол кыймылынын эрежелерин бузуу үчүн административдик жаза киргизүү ниети бар, айыптын суммасы 500дөн 1000 сомго чейин болушу мүмкүн;
  • самокат ээлери аларды ижарага берүүдө кардарларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүп турууга жана самокаттардын техникалык абалын көзөмөлдөп турууга милдеттендирилет.

Эл өкүлү мыйзам долбоору бир апта ичинде коомдук талкууга чыгарыларын кошумчалады. Ал аталган мыйзам долбоору быйыл сентябрга чейин кабыл алынып калышы ыктымал экенин айтты.

Башкы бетке иллюстрациялык сүрөт коюлду: Unsplash / Jonas-Jacobsson