УКМК Жаратылышты өнүктүрүү фондунун мурдагы жана азыркы чиновниктерин кармады

УКМК «Жаратылышты өнүктүүрүү фондуна» «Кумтөр Голд Компаниден» түшүп турган каражаттарды өздөштүрүп алуу жана коррупция иши боюнча Жаратылыш ресурстары министрлигинин мурдагы жана азыркы кызматкерлерин кармады. Бул тууралуу мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, жаратылыш ресурстары министринин мурдагы орун басары И.Б.М. жана министрликтин Чүй облустук башкармалыгынын азыркы директору К.Т.К. өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылып жатканда кармалды. Бул инициалдарга Бексултан Ибраимов менен Тойчубек Кадралиевдин аты-жөндөрү туура келет.


Кармалган чиновниктер. Сүрөт: УКМК

«Аталган адамдар, комиссиянын мүчөлөрү акча каражаттарын бөлүштүрүүдө мамлекеттин кызыкчылыгына каршы жеке долбоорлорду алардын жеке кызыкчылыгы болгон жерде киргизип турушкан, натыйжада аффилирленген чарба жүргүзүүчү субъекттерге өзгөчө ири өлчөмдөгү бюджеттик каражаттар мыйзамсыз бөлүнгөн жана эсептен чыгарылган», — деп билдиришти УКМКдан.

Мурдараак ушул эле иш боюнча «Жаратылышты өнүктүрүү фондунун» башчысы К.Ж.Т. кармалган. Тергөөнүн маалыматына ылайык, ал түрдүү фирмаларга жаратылышты коргоо долбоорлорун колдоого деп 400 млн сом которгон. Иш жүзүндө акчалар жеке бизнести түзүүгө колдонулган.

Андан тышкары, фонддун башкы адиси О.Э. жана фирмалардын биринин жетекчиси Х.Ш.Т. кармалган.

УКМКдан фонд иш алып барган үч жылдын ичинде «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун казынасынан түрдүү долбоорлор үчүн деп жалпы 976 миллион 800 миң сомго жакын каражат бөлүнгөнүн белгилешкен.

Автору: Жаркынай Сүйүнбекова