ЖК комитети балдарга «зыян» маалыматты жарыялоону тыйган мыйзам долбоорун бардык окууда кабыл алды

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети 20-июнда балдардын ден соолугуна же өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү ачык булактардагы маалыматтарды көзөмөлдөөгө багытталган мыйзам долбооруyн карап, экинчи жана үчүнчү окууда жактырды. Андай маалыматтарды жарыялоо үчүн айып салуу сунушталууда.

Талкууда мыйзам долбоорунун демилгечиси Жамиля Исаева ата-энелер балдары үйдө эмне көрүп жатканына жоопкерчилик алат деп билдирди.

«Бул мыйзам кабыл алынса, минкаб тарабынан жобо иштелип чыгат. Ошол жободо ар бир министрликтин функционалдык милдеттери так жазылат. Мисалы, Маданият министрлигине эксперттик топ киргизилет. Алар жабууга сунушталган [ресурстардын] тизмесин Санарип өнүктүрүү министрлигине берет», — дейт Исаева.

Ал балдардын SIM-карталарын каттап, аларды ата-энелерине байлоо ченеми да каралып жатканын кошумчалады.
«Балдарга деп алынган ар бир SIM-карта катталат. Анда балдардын аты-жөнү жана жаш курагы көрсөтүлөт. Ошону менен ал атасына же энесине байланат жана [бала] “начар таасир” эткен контентти көрө албайт», — деп билдирди Исаева.

Балдар үчүн «зыяндуу» маалыматты жарыялоого тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоору үстүбүздөгү жылдын март айынын аягында коомдук талкууга коюлган.

Мыйзам долбоорунда «жашы жете электерге зыян тийгизген маалыматты таркатуу үчүн» жарандарга 2 миңден 25 миң сомго чейин штраф салуу сунушталган. Ошондой эле үй-бүлөлүк баалуулуктарды жокко чыгарган, «салттан тышкаркы сексуалдык мамилени» пропагандалаган жана ата-энеге же башка үй-бүлө мүчөлөрүн сыйлабастыкты калыптандырган маалыматтарды таратуу үчүн да штраф салуу сунушталууда.

Исаева сунуштап жаткан түзөтүүлөрдүн бири ЖМК жөнүндөгү мыйзамга тиешелүү. Ал аталган мыйзамга балдардын ден соолугу, дене бою, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыянын тийгизүүчү маалыматтарды жайылтууга тыюу салуу бөлүгүн кошууну сунуштап жатат.

Башкы сүрөт: Рixabay / Vidmir Raic.