Ош шаарында таштанды тарифи 10 сомго жогорулайт

Оштун таштанды полигону, 2018-жыл. Сүрөт: Kloop

Ош шаарында таштанды тарифи 10 сомго көтөрүлөт. Тиешелүү токтом долбоорун шаардык кеңеш 20-июндагы жыйынында колдоду.

Буга чейин көп кабаттуу үйдө жашаган бир адам айына 25 сомдон төлөсө, эми 35 сомдон төлөйт. 30 сомдон төлөп келген жер үйдүн жашоочусу болсо 40 сомдон төгөт.

Ал эми менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъектилер 1 куб метрине 550 сомдон төлөшөт. Жаңы тариф болжол менен 1-июлдан тарта күчүнө кирет.

Азыр Ош шаарынан чыккан таштанды шаардан беш километр алыстыктагы полигонго чыгарылат. Ал 1950-жылдардын этегинде курулуп, анын аянты 50 гектардан ашат, 23 гектары бош турат. Күн сайын Оштон полигонго болжолдуу 160 оор жүк унаа таштанды чыгарылат.

Аталган полигондон бир чакырым алыстыкта Жапалак айыл аймагы жайгашкан. Жергиликтүү тургундар полигондон улам айлана-чөйрөнүн бузулганына жана ден соолуктарынын начарлашына арызданып келишет.

Алар катуу ысыктан өрттөнүп жаткан таштандынын түтүнү айылды каптап жатканына даттанып, нааразычылык акциясына чогулушкан.

Алар өрт бир жумадан бери өчпөгөндүктөн оору жугузуп алуудан кооптонуп жатышканын айтышкан. Мындан улам таштанды талаасын башка жакка көчүрүүнү талап кылышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ошто таштандыны иргөөчү контейнерлер орнотулуп, анын ачылышына мэр катышты

Ош мэриясы: Түрк компаниясы калаага таштандыны кайра иштетүүчү завод куруп берет

Ош шаарына жаңы таштанды талаа эмне үчүн курулбай жатат? Түшүндүрөбүз

Ош шаарынын калкынын дээрлик 50 пайызы гана таштанды үчүн акы төлөйт — «Ош-Тазалык»