Ош шаарынын калкынын дээрлик 50 пайызы гана таштанды үчүн акы төлөйт — «Ош-Тазалык»

«Ош-Тазалык» ишканасынын кардарларды тейлөө бөлүмүнүн башчысы Мирлан Дүйшөналы уулу «Клоопко» билдиргендей, таштанды үчүн жашоочулардын дээрлик жарымы гана акы төлөйт.

«Жашоочулардын саны өзү 500 миңдей, бирок бизде каттоодо 230 миң тургун турат. Батирге бир гана ээси катталып, аны убактылуу пайдаланууга берип коёт. Ушундай учурда колдонуучулар менен катталгандардын саны дал келбей калат», — деп билдирди ал.

Дүйшөналы уулу 2010-жылдан бери кардарлардын карызы 12 млн сомго жеткенин кошумчалады. Ишкана 2017-2018-жылдары карызын төлөбөгөн 1000ден ашуун тургунду сотко берген. Ал эми 2019-жылы абоненттерди сотко бериш үчүн жашаган жерлеринен тактама алууга «Ош-Тазалыктын» каражаты болгон эмес.

«Кечигип төлөөгө туум кошулбайт, ошондуктан жарандар карыздарынан кутулууга шашылышпайт», — деп түшүндүрдү Дүйшөналы уулу.

Шаардык кеңештин 2015-жылындагы токтомуна ылайык, жер тамдын ар бир жашоочусу айына 30 сом, көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары адам башына 25 сом төлөп келишет.

Ош мэриясынан шаар тургундарынын расмий саны 340 миңдин тегерегинде деп катталаганы менен факт түрүндө жашоочулардын саны 500 миңден ашаарын билдиришти.