Ошто таштандыны иргөөчү контейнерлер орнотулуп, анын ачылышына мэр катышты

Сүрөт: Ош мэриясы

Ош шаарында таштандыны иргөөчү контейнерлер орнотулуп, ага калаа башчысы Алмаз Мамбетов баштаган аткаминерлер катышты. Бул тууралуу 17-августта Ош мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, таштандыларды сорттоп чогултуучу станция Араван кичи районунун Гапар Айтиев көчөсүндөгү №11 жана №13 үйлөрдүн ортосуна орнотулган.

«Бул пилоттук долбоордун алкагында турмуш-тиричилик таштандыларын сорттоп, курулуш жана коммерциялык таштандыларды уруксатсыз чыгарууну көзөмөлдөө үчүн стационардык жерде диспетчер туруктуу жайгашат. Жалпысынан 10го жакын мындай стационардык участокторду орнотуу пландаштырылууда», — деп билдиришти мэриядан.

Сүрөт: Ош мэриясы

Иргелген таштанды эмне болот?

Анткен менен «Ош-Тазалык» ишканасы иргелген таштандыны кайда алып барат деген суроо жаралат. Анткени Ошто таштандыны кайра иштетүүчү завод, а түгүл жаңы таштанды полигону да жок.

Өткөн жылдын август айында Түркиянын Biotrend Energy компаниясы Ош шаарына таштандыны кайра иштетүүчү завод курууну пландап жатканы белгилүү болгон.

Компания бир айдын ичинде курула турчу заводдун долбоорун көрсөтүп, анын техника-экономикалык негиздөөсүн иштеп чыгышы керек экени айтылган. Андан сырткары долбоорду каржы менен камсыздап, даярдык көрүү, долбордоо, курулуш жүргүзүү жана ишке берүү процесстерин ишке ашырылышы керек болгон.

Бирок анын жыйынтыгы белгисиз, курулуш иштери да башталган жок.

Ал эми Оштун таштанды талаасынын курулушу он жылдан бери башталбай келет.

Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы (ЕӨРБ) 2012-жылы «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасына дээрлик 11 млн евро бөлгөн. Анын 6,5 млн сому полигон курууга жумшалмак. Каражаттын жарымы насыя, жарымы кредит катары берилген.

Бирок таштанды полигонун курууга тендер он жылдан бери жарыялана элек. Буга шаар бийлиги полигон курууга жер таппай койгону себеп болгон. Калаанын өзүндө ылайыктуу жер болбогон эмес, коңшу райондор тилке бөлүп берүүдөн баш тартышкан.

2018-жылы «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасы жаңы таштанды талааны эскисинин жанына курууну чечкен. Анткен менен арадан үч жыл өтсө да полигондун курулушу баштала элек.

Азыркы полигон

Оштун таштанды полигону, 2018-жыл. Сүрөт: KLoop

Азыр Ош шаарынан чыккан таштанды шаардан беш километр алыстыктагы полигонго чыгарылат. Ал 1950-жылдардын этегинде курулуп, анын аянты 50 гектардан ашат, 23 гектары бош турат.

Күн сайын Оштон полигонго болжолдуу 160 оор жүк унаа таштанды чыгарылат.

Аталган полигондон бир чакырым алыстыкта Жапалак айыл аймагы жайгашкан. Жергиликтүү тургундар полигондон улам айлана-чөйрөнүн бузулганына жана ден соолуктарынын начарлашына арызданып келишет.

Өткөн жылы да тургундар катуу ысыктан өрттөнүп жаткан таштандынын түтүнү айылды каптап жатканына даттанып, нааразычылык акциясына чогулушкан.

Алар өрт бир жумадан бери өчпөгөндүктөн оору жугузуп алуудан кооптонуп жатышканын айтышкан. Мындан улам таштанды талаасын башка жакка көчүрүүнү талап кылышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош мэриясы: Түрк компаниясы калаага таштандыны кайра иштетүүчү завод куруп берет

Ош шаарына жаңы таштанды талаа эмне үчүн курулбай жатат? Түшүндүрөбүз