Сузакта 23 жаштагы тургун телефондо сүйлөшүп турганда чагылган тийип каза тапты

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 23 жаштагы тургун телефондо сүйлөшүп жатканда чагылган түшүп каза тапты. Маалыматты 21-июнда «Клоопко» ӨКМден тастыкташты.

Кырсык 19-июнь саат 09:20да катталганы айтылды. Маркум талаада чөп жыйнап, телефон аркылуу сүйлөшүп турган убакта ага чагылган түшкөн. 

Жанында иштеген айылдаштары маркумдун сөөгүн үйүнө алып барып, ата-энесине тапшырышкан. Анын артында келинчеги жана 1 кызы калды.

Мындан бир жыл мурда, Чүй облусунун Токмок шаарындагы №3 мектептин спорт аянтчасына чагылган түшүп, бир окуучу жеринде каза тапкан. Ал эми дагы эки окуучу жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Чүй: Мектепте окуучуларга чагылган тийип, 13 жаштагы өспүрүм каза тапты