Бир ТикТок менен: Таштанды чогултуп товар жана арзандатууларга ээ бол

Таштанды чогултуп, аны өткөрүп берүүдө дүкөндөрдүн арзандатууларына, бекер кофеге, ал тургай кам көрүүчү костемикага ээ болсо болорун билчү белеңиз? MoveGreen.kg эко уюму TikTok’тогу барагында желим буюмдарды, кагаз жана айнектерди чогултуп, Tazar тиркемеси аркылуу өткөргөн шаар тургуну Наргизанын окуясын айтып берди.

@movegreen.kg

Как вам ролик? Уже пользуетесь приложением tazar?☺️ #сортировкамусорабишкек #мусорбишкек #пластикбишкек #переработкапластика #экологиябишкек #блогбишкек #бишкектикток

♬ mellow bounce - seazin & Slip.stream

Наргиза үч айдын ичинде 8 кг таштанды чогулткан. Бул үчүн ага тиркемеде 179 упай берилген. Упайларды шаар тургуну Tazar’дын өнөктөштөрүнөн түрдүү товарларга алмаштырып алса болот: Sierra’да бир стакан кофеге, L’Occitane брендинин кол майына, Shoro компаниясынан 4 бөтөлкө максымга, ошондой эле башка компаниялардан арзандатуу жана мерчтер каралган.

Эң кымбат делген кызмат көрсөтүү 1000 упайга бааланат — ал боюнча Каракол шаарында жайгашкан «Мацуноки» конок үйүнө барып, үч күн эс алып келсе болот.

Таштандыны чогулткандан кийин Кыргызстандын ар башка шаарларындагы кабыл алуу пунктарына тапшырса болот. Эгер жыйнаган таштандынын салмагы 8кг ашып кетсе, анда аны үйдөн атайын кызматкер келип алып кетет. Таштандыны сорттоонун бардык жол-жобосу тиркемеде көрсөтүлгөн. Тиркеменин өзүн Play Market’тен жүктөп алса болот.

Автору: Салия Хурова.