«Бүтүн Кыргызстан» алардын атынан тараган билдирүү «фейк» экенин билдирди

22-июнда «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан «Клоопко» Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселесин караган убактылуу депутаттык комиссиянын чечими чыга электигин, алардын атынан тараган билдирүү «фейк» экенин билдиришти. 

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын атынан тараган «фейк» маалымат

Буга чейин аталган фракциянын аты жазылган фейсбук баракча билдирү таратып, комиссиянын курамындагы сегиз депутаттын алтысы Мадумаровду жоопко тартууну колдогонун билдирген. «Альянс» фракциясынан Фарходбек Алимжанов жана «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан Гуля Кожокулова депутатты жоопкерчиликке тартуу чечимине каршы добуш бергени айтылган.

Ошондой эле маалыматта комиссиянын корутундусу бүгүн, 22-июнда, саат 13:30да Жогорку Кеңештин Координациялык кеңешинин жыйынында каралып, андан соң жалпы жыйынга чыгарылары айтылган. 

Бирок депутат Гуля Кожокулованын комиссия өз ишин аяктай электигин жана анын мүчөлөрү акыркы чечимди кабыл алуу үчүн саат 12:00дө кайрадан чогулушарын айткан.

Парламенттин 31-майдагы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартуу боюнча баш прокурордон сунуш түшкөнүн билдирген.

Сунушта Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексиндеги 36-берене (Кылмышка даярдык көрүү), 278-беренесинин (Массалык башаламандыктар) 1-бөлүгү, 326-берене (Бийликти күч менен басып алуу) 338-беренесинин (Бийликтен аша чабуу) 3-бөлүгү боюнча жоопко тартуу үчүн уруксат суралган.

Мадумаров өзүн жоопко тартуу боюнча башкы прокурордун сунушун «саясий иш» деп баалаган. Ошондой эле ал жоопкерчиликке тартылууга даярсызбы деген суроого «саясатчы болгондон кийин акырына чейин барууга даяр болуш керек» деп жооп берген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Мадумаров прокуратуранын жоопко тартуу аракетин «саясий иш» деп атады

Башкы прокурор Адахан Мадумаровду жоопко тартууга кайрадан макулдук сурады