Ысык-Көлдө майыптыгы бар адамдардын салтка айланган жөө жүрүшү өтүп жатат

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында 19-июнда майыптыгы бар адамдардын салтка айланган жөө жүрүшү башталды. Жыл сайын өткөрүлгөн акция «Биз үчүн жасалган аракеттер биздин катышуубуз менен болсун» деген ураан менен жүрүп жатат.

Беш күндүк акциянын катышуучулары Балыкчыдан Чолпон-Ата шаарына чейин 80 чакырым жөө басышат.

Марштын максаты — майыптыгы бар адамдарга карата стереотиптүү мамилеге каршы күрөшүү, алардын укуктарын коргоого көңүл буруу.