Энергетика министрлиги пенсионерлерге смартфондорду алып берүү маселесин карайт

Энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев 22-июнда өткөн парламент жыйынында Бишкекте пенсионерлерге смартфон сатып алып берүү маселесин карап көрөөрүн билдирди

Жыйында депутат Дастан Бекешев ага Бишкектин бир нече кичи райондорунан арыз-даттануулар келип жатканын билдирди. Тургундар электр энергиясы үчүн эми кагаз дүмүрчөктүн ордуна электрондук дүмүрчөктөр келе баштарын айтышкан. Эл өкүлдүн айтымында, улгайган адамдар алардын телефондору «кнопкалуу» эски телефон болгондуктан электрондук дүмүрчөктөрдү ала алышпасын айтып нааразы болушкан. 

Жыйында эл өкүлү министрдин орун басары Байгазиевден Энергетика министрлиги пенсионерлерге смартфондорду алып берип, интернетин төлөп, аларга коммуналдык кызмат акыларын онлайн төлөөнү үйрөткөнгө даярбы деп сурады. 

Ал эми министрдин орун басары бул үчүн бюджетте акча каралган эместигин айтып, бирок маселени чечүүнү убадалады. 

«Эгерде ошондой кайрылуулар болсо, биз карап берели. Сөз берем. Мындай абоненттер көп деле эмес болуш керек», — деди чиновник. 

Майдын ортосунда Кыргызстандын улуттук электр тармактары ишканасы катардагы абоненттер үчүн кагаз дүмүрчөктөрдөн баш тартып, баарын тиркеме аркылуу онлайн-төлөөгө өткөрүүнү пландап жатканы белгилүү болгон. Бул үчүн ведомство «Мой свет» тиркемесин иштеп чыгып, пилоттук долбоорду баштаган.