Акын Гүлжамила Шакирова мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Гүлжамал Шакирова

Акын жана журналист Гүлжамила Шакирова 68 жаш курагында оорудан улам мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул кабарды журналисттерге маркумдун кесиптештери 25-июнда тастыкташты.

Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Шакирова астма оорусунан жабыркап жүргөнү айтылды.

Шакирова 1955-жылы 28-декабрда Нарындын Ак-Талаа районундагы Жаңы-Тилек айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

1987-жылы акындын «Сапардагы каркыра» деген алгачкы чакан ыр китеби жарыяланган. 30дан ашык ырына обон чыгарылып, кыргыз теле-радиосунун алтын фондуна алынган. Чыгармачылыгындагы ийгилиги үчүн бир катар мамлекеттик сыйлыктарга татыган.

Аны менен катар, ал Токтогул атындагы адабият музейинде улук илимий кызматкер, Кыргыз тили коомунун «Эне тил» гезитинде кабарчы болуп иштеген. 1993-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик телерадио корпорациясында эмгектенип, бир нече автордук долбоорлорду жасаган.