«Татыксыз». Түмөнбаев Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу демилгесин көтөрөт

Эл өкүлү жана «Элдик» депутаттык тобунун жетекчиси Акылбек Түмөнбаев Сооронбай Жээнбековдон экс-президент макамын алып салуу боюнча мыйзам долбоорун демилгелөө ниетин билдирди. Бул тууралуу ал 27-июнда «Азаттыкка» берген маегинде айтты.

Депутат Жээнбековдун мамлекеттик резиденциядагы жашоосуна, күзөтчү жана башкаларга кеткен чыгымдарды эсептеп чыгууну тапшырды.

«Бир эле өзүнө [эмес], үй-бүлөсүнө, тегерегиндегилерге мамлекеттен жеңилдик берилгенби деп эсептетип жатам. Кудай буюрса, мен муну парламентте көтөрүп, мыйзам долбоорун алып чыгып, бул кишинин экс-президент деген макамын алдыртуу үчүн президент Садыр Нургожоевичке дагы кайрылам. Анткени ал буга татыктуу эмес», — деп билдирди Түмөнбаев.

Жээнбеков 2020-жылдын октябрындагы окуядан кийин отставкага кетип, бийликке ошол күндөрү тарапташтарынын жардамы менен колониядан бошотулган Садыр Жапаров келген.

Учурда экс-президент деген макамга Жээнбеков менен Роза Отунбаева гана ээ. Буга чейин жарандар аларды макамынан ажыратуу үчүн кол топтошкон.

Мыйзамга ылайык, экс-президенттер өмүр бою мамлекеттик камкордукка жана мамлекеттин менчигиндеги дачалардын бирине ээ болушат. Экс-президент ошондой эле аэропорттордун жана аэровокзалдардын кызмат адамдары жана делегациялары үчүн залдарды жана мамлекеттик байланыштарды акысыз пайдаланууга укуктуу.

Аны менен катар  экс-президент пенсия курагына чейин президенттин айлык маянасынын 75% өлчөмүндө ай сайын өмүр бою жөлөкпул алууга укуктуу.

ТЕМА БОЮНЧА:

Садыр Жапаров: Жээнбековго «ырымдап» экс-президент макамын бердик