«Альфа Телекомдун» мурдагы башкы директору Азат Базаркулов тергөө абагына камалды

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Альфа Телеком» (MEGA) компаниясынын мурдагы башкы директору Азат Базаркуловду УКМКнын тергөө абагына камака алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматынан билдиришти

Сот чечимине ылайык, Базаркулов 2023-жылдын 9-августуна чейин камакта болот.

Ар башка жылдары «Альфа Телекомдун» башчысы болуп иштеген Базаркулов кармалганын УКМК 27-июнда билдирген. Мамкомитет Базаркулов компания тарабынан өткөрүлгөн тендерлерди махинациялоого жана мамлекетке миллиондогон зыян келтирүүгө шектелип кармалганын маалымдаган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, «Альфа Телекомдун» жооптуу адамдары жеке компаниялар менен жең ичинен сүйлөшүп алып, аларга алдын ала артыкчылык берген шарттарды даярдоо менен тендерлерди утуп чыгууга көмөк көрсөтүшкөн. УКМКнын эсебине ылайык, бул система мамлекеттик бюджетке миллиондогон зыян келтирген. 

Базаркулов «Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде кармалган.