Бишкек: Зордуктоодон улам көз жарган 15 жаштагы кызга акчалай жардам керек

Бишкектин тургуну Нүргүл Пирматова Фейсбук барагында зордуктоодон жабыркаган Айназик аттуу кыз жөнүндө айтып берди. Пирматова аны соода борборлорунун биринин алдында эмчектеги баласы менен кайыр сурап жүргөн жеринен жолуктурган.

Айназик Пирматовага 14 жашында азыр үй камагында жаткан киши зордуктаганын, өзү балдар үйүндө чоңойгонун айтып берген. 

«Азыркы тапта балага керектүү болгон нерселерди: жалаяктарды, нымдуу майлыктарды, жуунууга керектүү гель, дене каражатын, мурунга респиратор сатып алдык. Энесин кафеден тамактандырдык. Ал жерде отуруп көп нерсесин уктум. Кыз төрөлгөндөн тартып бирде балдар үйүндө, бирде энесиникинде, энеси деп деле айта албайсың, өсүптүр. Балдар үйүнө кайтса, чүрпөсүн ымыркайлар үйүнө алып коюшат деп чочулайт. Баласын жоготуп алгандан коркот. Өз энеси болсо кызына кичинекейинде эле кордук көрсөтүптүр, ошондон улу оң колу жабыркаган экен, сөөгү ийри болуп, колу өспөй калган. Сол колу түзүк. Кыздын сабаты жок, араң жазып, окуйт экен», — деп айтып берди Пирматова. 

Айназик тууралуу маалымат чыккандан кийин аны менен «Баланын укугун коргоо лигасынан» укук коргоочу Назгүл Турдубекова да жолуккан. Турдубекова кыздан кабар алып, энеси менен жакырчылыкта жашарын билген.

«Акча дарылануу менен баланын азыгына кетет экен. Кыз кесарево менен көз жарган экен. Бала эмчек эмбейт, баланын тамагы берилет экен. Сексуалдык зомбулуктан кийин боюна бүтүп калыптыр. Кылмышкер жоопкерчиликке тартылбаптыр. Бир нече жыл балдар үйүндө да жашаптыр. [...] Үй-бүлө батирде турат. Азырынча деп кийим-кече жана акча берип келдим. Абалдары мен ойлогондон да начар экен», — деп жазды Турдубекова Фейсбук барагында.  

Көп өтпөй Турдубекова Айназиктин окуясына Бишкек мэриясы менен Эмгек жана соцөнүтүрүү башкармалыгы көңүл бурганын билдирди. Жергиликтүү бийлик, анын айтымында, «эмчектеги баласы бар 15 жашар кызга жардам берүүгө даяр экенин» билдирген.