АКШда жол кырсыгында көз жумган кыргыз жаранынын сөөгү 4-июлда өлкөгө алып келинет

АКШда жол кырсыгынан каза тапкан кыргыз жаранынын сөөгү 4-июлда туугандарынын коштоосунда мекенине жиберилет. Маалыматты 2-июлда Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Учурда Кыргызстандын Америкадагы элчилиги жана Чикагодогу Башкы консулдугу маселени чечип жатканы айтылат.

1-июлда АКШда жашаган кыргызстандык блогер Элнура Молдокадырова Чикаго шаарында жүк ташуучу унаанын айдоочусу, 42 жашар кыргызстандык жол кырсыгынан каза тапканын билдирген.

Маалыматка караганда, кыргыз жараны Филадельфия шаарына келе жатканда башка бир унаа менен кагышкан. Экинчи айдоочунун жабыркаганы тууралуу маалыматтар айтылган эмес.

Буга чейин, 27-июнда Орусиянын Самара облусунда жол кырсыгы катталып, алты киши каза тапкан. Министрликтен алардын экөө кыргызстандык экенин айтышкан.