ТИМ: Орусиядагы жол кырсыкта алты киши каза тапты, алардын экөө кыргызстандык

27-июнга караган түнү Орусиянын Самара облусунда трассада жол кырсыгы катталып, алты киши каза тапты. Алардын экөө кыргызстандык экенин Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка караганда, кырсык 27-июнга караган түнү болжол менен саат 00:05те А-300 жолунун 109-чакырымында катталган. Анда Honda Stepwgn менен Hyundai Elantra кагышып, алты адам каза болгон, дагы жети киши ар кандай жаракат алып ооруканага жеткирилген.

Каза болгондордун экөө кыргызстандык болгон — 1992-жылы туулган эркек киши жана 1979-жылы туулган аял. Ал эми калган төртөө Өзбекстандын жарандары.

«Кырсыктын себептери жана жагдайлары укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан иликтенүүдө. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жабыр тарткан мекендештерге консулдук-укуктук жардам көрсөтүп, каза болгон жарандардын сөөгүн мекенине жеткирүүнү уюштурат», — деп белгиленет билдирүүдө.

Өткөн жылдын 21-августунда Орусиянын Ульяновск облусунда да чоң жол кырсыгы катталып, 14 кыргызстандыктын өмүрүн алган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кыргызстандыктар казак чек арасына кирди-чыкты кылуу үчүн барып кайтып келе жатышкан. Ошол кезде Орусиядагы эмгек мигранттары акыркы кездерде каттоо талабы күчөгөнү тууралуу айтып келишкен.

Окуяга байланыштуу 23-август Кыргызстандын аймагында аза күтүү күнү деп жарыяланган. Ал эми каза тапкан мигранттардын жакындарына кенемте төлөнүп берилген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Орусиядагы авария: 14 адамдын сөөгү өлкөгө атайын борт менен алынып келинет

Алтын Капалова: Кыргыз мигранттарынын өлүмү чиновниктердин абийиринде