Маевкада аскер кызматкери эки кишини коюп кетип, экөө тең каза тапты 

Чүй облусунун Маевка айылында 5-июль күнү кечинде Ички аскердик бөлүгүнүн аскери эки жөө жүргүнчүнү коюп кетип, экөө тең каза тапты. Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу мас абалда болгон. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу билдирди

Азыркы учурда кызматтык иликтөө башталды. 

Ички аскердик бөлүгүнөн 24.kg’нин журналисттерине алардын кызматкери 20-июндан бери ооругандыгына байланыштуу өргүүдө жүргөнүн билдиришти

«Окуя тууралуу Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасына маалымат берилди. Э.Ж аскер кызматкери 20-июндан бери амбулатордук дарыланууда жүргөн», — деп билдиришти ведомстводон. 

Активист Болот Ибрагимов кырсык болгон жерден видео чыгарып, айдоочу тергөөчү менен сүйлөшүп жатканда рулга отурардын алдында сыра ичкенин моймуна алганын айтып берди.