Ошто өлкөдө биринчи жолу эки күндүк наристеге стент коюу операциясы жасалды

Кыргызстанда биринчи жолу эки күндүк наристеге стент коюу операциясы Ош шаарындагы Кыргыз-Орус клиникасынын базасында жасалды. Бул тууралуу 5-июлда аталган клиника өзүнүн инстаграмдагы баракчасына жарыялады.

Маалыматка караганда, балада сейрек кездешүүчү оор жүрөк кемтиги —  башкача айтканда чоң тамырлардын оң карынчадан кош өтүшү аныкталган.

Ымыркай дем ала албай, абалы оор болгон. Ошондой эле аны ордунан жылдырууга мүмкүн болгон эмес.

Ага операция жасоо үчүн Бишкек шаарындагы Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунан кардиохирургдар, перфузиологдор, анестезиологдор жана эндоваскулярдык хирургдар тобу келишкен.

Натыйжада операция кесүү эмес, тамырды тешүү жолу менен ийгиликтүү жасалган. Учурда баланын абалы туруктуу.

Үстүбүздөгү жылдын башында ОшМУнун медициналык клиникасында алгачкы жолу ашказан рагына чалдыккан бейтапка операция жасалган. Аны аталган клиниканын хирургия бөлүмүнүн башчысы врач-хирург, онколог Жанек Белеков жана эндоскопист, онколог, хирург Өмүрбек Алишов жасаган.

«Бүгүн ОшМУнун тарыхында алгачкы жолу ашказан рагына операция жасалды. Операция 4 саатка созулду. Анткени ракка жасалчу операциялар узак убакыт өтө кылдаттык менен жасалат. Акыркы медициналык көндүмдөрдү колдонуу менен бейтаптын ашказына операцияны ийгиликтүү жасап бүттүк», — деген дарыгер Жанек Белеков.

Операциядан кийин бейтаптын абалы туруктуу болгону айтылган. 

ТЕМА БОЮНЧА:

ОшМУнун клиникасында биринчи жолу рак илдетине каршы операция жасалды