«Ак илбирс» улуттук кино сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды

8-июлда Кыргызстанда «Ак илбирс» улуттук кино сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды. 2021-2022-жылдагы мыкты тасмаларга сыйлык тапшыруу аземи Бишкектеги «Манас» кинотетарында өттү.

Ага ылайык, режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» фильми 2021-жылдын «Мыкты тасмасы» деп табылса, режиссёр Актан Арым Кубаттын «Эсимде» тасмасы 2022-жылдын «мыктысы» сыйлыгын жеңди.

Казакстындык режиссёр Дарежан Омирбаевдин «Акын» аталышындагы фильми «Борбор Азиянын мыкты тасмасы» сыйлыгына ээ болду.

Өзбекстандын эмгек сиңирген артисти Рустам Сагдуллаев «Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн», Төлөмүш Океев атындагы улуттук киностудиянын мурдагы жетекчиси Иризбай Алыбаев «Улуттук кинематографияга кошкон салымы үчүн» сыйланды.

«Ак илбирс» сыйлыгына татыгандар:

  • Мыкты кыска метраждуу тасма:
    2021-жыл: «Сальвадор Дали», режиссёру — Элдияр Мадаким.
    2022-жыл: «Жоокер», режиссёру — Аманбек Ажымат.
  • Мыкты документалдуу тасма:
    2021-жыл: «Аламан», режиссёру — Ильгиз Шернияз жана Сооронбек Тургунмамат уулу.
    2022-жыл: «Самат Садыков», режиссёру — Алим Токторов.
  • Мыкты режиссёр:
    2021-жыл: Артыкпай Сүйүндүков — «Шамбала».
    2022-жыл: Актан Арым Кубат — «Эсимде».
  • Мыкты сценарий:
    2021-жыл: Артыкпай Сүйүндүков — «Шамбала».
    2022-жыл: Дальмира Тилепбергенова жана Актан Арым Кубат — «Эсимде».
  • Мыкты оператор:
    2021-жыл: Акжол Бекболотов жана Мурат Алиев — «Шамбала».
    2022-жыл: Акжол Бекболотов — «Эрмен жыты».
  • Мыкты сүрөтчү:
    2021-жыл: Байыш Исманов — «Акыркы көч»
    2022-жыл: Элчибек Шаменов — «Эсимде».
  • Мыкты үн режиссёру:
    2021-жыл: Марс Түгөлов жана Калыбек Шерниязов — «Акыркы көч».
    2022-жыл: Калыбек Шерниязов — «Үй сатылат».
  • Мыкты композитор:
    2021-жыл: Музали Жээнбаев — «Шамбала».
    2022-жыл: Мурзали Жээнбаев — «Үй сатылат».
  • Мыкты монтаж:
    2021-жыл: Наргиза Маматкулова, Караш Жанышов, Элдияр Мадаким — «Шамбала».
    2022-жыл: Элдияр Мадаким — «Үй сатылат».
  • Мыкты аял ролу:
    2021-жыл: Шайыр Касымалиева — «Акыркы көч».
    2022-жыл: Таалайкан Абазова — «Эсимде».
  • Мыкты эркек ролу:
    2021-жыл: Марат Алышпаев — «Акыркы көч».
    2022-жыл: Мирлан Абдыкалыков – «Эсимде».
  • Көрүүчүлөр жактырган мыкты тасма:
    2021-жыл: «Аяш», режиссёру: Бакыт Османканов, продюсери: Адилет Осмоналиев, Жениш Майрамбек уулу, Бакыт Османканов.
    2022-жыл: «Аяш-2», режиссёру: Бакыт Османканов, продюсери: Адилет Осмоналиев, Жениш Майрамбек уулу, Бакыт Османканов.

«Ак илбирс» улуттук кино сыйлыгы жыл сайын Кыргызстан кинематографтар союзу жана «Айтыш» коомдук фондунун колдоосунда өткөрүлөт.

Сыйлык 2012-жылы белгилүү кинематографтар тарабынан демилгеленип, Кыргызстандын кино тармагындагы алгачкы сыйлык болуп эсептелет. Анда өлкөдөгү жана Борбор Азиядагы кино тармагынын өсүүсүнө салым кошкондор сыйланат.