Үч адамды өлтүрүүгө айыпталган УКМКнын мурдагы кызматкери күнөөсүн мойнуна албай турганын айтты

11-июлда Бишкектин Октябрь райондук сотунда үч адамды — бир аял жана анын кызы менен уулун — өлтүрүүгө айыпталган УКМКнын мурдагы кызматкери Чынтемир Аширалиевдин иши боюнча биринчи отурум өттү. Ал күнөөсүн мойнуна такыр албай турганын айтты.

Сот башталарда айыпталуучунун жактоочусу отурумду жабык өткөрүү тууралуу өтүнүч келтирген, бирок судья аны канааттандырган эмес.

Сотто прокурор Аширалиев өзгөчө оор кылмышка айыпталып жатканын, кылмыш жасаган учурда акыл-эси ордунда, аракетине жооп бере алган абалда болгонун, баңгизаттан, алкоголдон көз каранды эмес экенин билдирген.

Айыптоочу тараптын айтымында, Аширалиев бардык үй-бүлө мүчөлөрүн, анын ичинде өзүнүн кичинекей уулун өлтүрүүнү пландаган. Ал өлтүргөн аял экөөнүн ортосундагы мамиленин ачыкталышы «саясий карьерасына тоскоол» болот деп чочулаганы айтылат.

Райондук соттон «Клоопко» сот отуруму 26-июлга жылдырылганын айтышты. Буга «күбөлөрдүн келбей калгандыгы» себеп болгон.

Аширалиевди сот залынан алып чыгып кетип жатышканда жабырлануучунун апасы «мыкаачы» деп кыйкырган видео тарады.

Үч адамдын өлтүрүлүшү

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында милицияга Бишкектеги 5-кичи райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 3 адам — аял жана анын бир кыз, бир баласы каза болгону тууралуу билдирүү түшкөн. Алардын денесинде ар кандай жаракаттар болгон.

Соцтармактарда көп кабаттуу үйдүн короосуна батирдин терезесинен кулап түшкөн аялдын видеосу тараган. Анда эркек аялды желкесине көтөрүп, үйгө кайра алып кирип кеткен.

Бул факты Октябрь райондук милициясына каттоого алынып, «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары Баткен облусунун 37 жаштагы тургуну кармалган.

УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, шектүү 15 жыл комитетке караштуу Мамлекеттик күзөт кызматында иштеп, 2021-жылы эмгек стажына байланыштуу пенсияга чыккан.

Kaktus.media басылмасы кылмышка шектелген жаран Баткен району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгонун жазган.