Чүй облустук ооруканасына акыры Эрнст Акрамовдун ысымы берилди

Чүй облустук бириктирилген ооруканасы профессор Эрнст Акрамовдун атын алды. Бул тууралуу «Клоопко» 11-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Аны менен катар, министрлик Акрамовдун хирургия тармагынын өнүгүшүнө кошкон салымын жана бейтаптарды дарылоодогу жаратман ыкмаларын баса белгилешти. 

«Анын тажрыйбасы жана чеберчилиги жогорку сапаттагы медициналык тажрыйбанын жана бийик адискөйлүктүн үлгүсү», — деп кошумчалашты мекемеден. 

Акрамовдун атын облустук бириктирилген ооруканага ыйгаруу чечимин Кыргызстандын көрүнүктүү инсандарынын элесин түбөлүккө калтыруу боюнча комиссия кабыл алды. 

Чүй облустук ооруканасын профессордун ысымы менен атоо демилгеси мурда эле башталып, 2022-жылдын май айында берилмек. Анда минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бул боюнча чечим кабыл алынганын жана формалдуу документ бир нече күндөн кийин жарыяланат деп айткан. Бирок андан бери бир жыл өттү. 

Эрнст Акрамов — Кыргызстандагы белгилүү окумуштуу, хирург, медицина илимдеринин доктору жана Кыргызстандын баатыры. 1992-жылдан бери Чүй облустук оорканасынын жалпы хирургия бөлүмүн жетектеп келген

2022-жылдын мартында анын жумуштан кеткени тууралуу белгилүү болгон. Мындай чечимди ошол кездеги саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кабыл алган. 

Бейшеналиев ошондой эле Акрамов ысымын бүтүндөй бир оорукана бермек түгүл бир бөлүмгө да ыйгарууга татыксыз деп айткан.