«Орусияны сыйлабайсыңарбы?!». Милиция маршруткада ызы-чуу салган кишинин жарандыгын тактоодон баш тартты

Бишкек шаарындагы коомдук транспорттордун биринде ызы-чуу чыгарып, жүргүнчү аялды басынтып сөккөн киши милицияга жеткирилди. Бул тууралуу 11-июлда «Клоопко» Бишкек ШИИБден билдиришип, бирок анын кайсы өлкөнүн жараны экенин тактоодон баш тартышты.

Милиция тараткан пресс-релизде 46 жаштагы киши кармалып, кечирим сураганы айтылды. Ошондой эле ал окуя болгон учурда «мас абалда болгонун» айткан.

Буга чейин соцтүйүндөрдө коомдук транспорттун ичиндеги жүргүнчүлөрдүн жаңжалынын видеосу тараган.

Анда Кыргызстанга убактылуу келгенин айтып, орус тилинде сүйлөгөн киши банк картасы бөгөттөлүп калганына нааразы болуп, коомдук транспортто сүйлөнө баштаган. Башка жүргүнчүлөр тынчтануусун сураганда, чыр салып сөгүнгөн.

«Силер эмне, “блядь”, Орусияны сыйлабайсыңарбы?! Силер кимсиңер?! Силер тизелеп турасыңар! А биз, “сука”, эч качан тизелебейбиз!» — деп кыйкырган ал.

Жүргүнчүлөр жана айдоочу анын түшүп кетүүсүн талап кылганда гана ал кеткен.

Соцтармак колдонуучулары чыр салган киши Орусиядан келген жаран экенин жазышты. Ал эми Бишкек милициясы «Клоопко» анын кайсы жактын жараны экенин тактоодон баш тартты.

Учурда тиешелүү экспертиза дайындалып, тергөө уланып жатат.