Ош: Аялга бир нече жолу ок чыгарган «Мадра» каймана аттуу УКТ мүчөсү кармалды

Кылмышка шектүү

Ош облусунун Өзгөн районунда аял кишиге бир нече жолу ок чыгарган «Мадра» каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу 11-июлда «Клоопко» Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүү 8-июлда саат 19:00 чамасында Өзгөн шаарында аял киши менен пикири келишпей, аны бир нече жолу ок атуучу курал менен атып, изин жашырып кеткен.

Жабырлануучу алган жараатынан улам аймактык ооруканага кайрылган. Милиция «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Ал эми 10-июлда кылмышка шектелип мурда бир нече жолу соттолгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды.

Аны кармоо учурунда жанынан бир даана 13 мм огу менен белгисиз маркадагы тапанча алынган. Жашаган жерин тинтүү учурунда 1 даана кастет, 1 даана тапанча салчу кабура жана 2 даана бычак табылган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: «Казак» каймана аттуу Умар Маратов кайрадан зордуктоого шектелип кармалды